Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-июль
Ысык-Көл облусуТүп району 25.06.2019 18:21

Каркырада бир катар мааракелер белгиленди (сүрөт)

Turmush -  Түп районунун Каркыра жайлоосунда Ысык-Көл облусунун 80, Боромбай бийдин 240, манасчылыр Саякбай Каралаевдин 125 жана Уркаш Мамбеталиевдин 85 жылдык мааракелери өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Маалыматка караганда, иш-чара «Манас» айтуу менен башталып, Манастын төрөлүшү жана хан көтөрүү жөрөлгөсү сахналаштырылып көрсөтүлдү. Андан кийин кезек төкмө акындарга берилип, 5 райондон келген өнөрпоздор өз өнөрлөрүн тартуулашты. Андан кийин ат оюндары, кыргыз күрөш, салбурун жана Ысык-Көл облусунун тарыхында биринчи жолу торпок тартыш уюштурулду. Акырында жыйынтыгы чыгарылып, жорго салыш менен аламан байгенин жеңүүчүлөрүнө «Жигули» унаалары тапшырылды. Калгандарга сыналгы жана акчалай байгелер ыйгарылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×