Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-июль
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 25.06.2019 16:59 На русском

Ысык-Көлдө 3 жаштагы бала сүннөткө отургузуу учурунда каза болду. Окуянын чоо-жайы

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Ысык-Көл облусунда 3 жаштагы бала сүннөткө отургузуу учурунда каза болду. Бул тууралуу Turmush басылмасынын өздүк булактары билдиришти.

Окуя 9-июнь күнү райондук ооруканалардын биринде болгон. Оорукананын мурдагы башкы дарыгери — Бишкек шаарынын тургуну 3 жаштагы небересин сүннөткө отургузуу үчүн алып барган. Бирок бала операция столунда каза болгон.

«Баланын чоң атасы мурда Ысык-Көл облусундагы райондук оорукананын башкы дарыгери болуп иштеген. Ошондуктан ал небересин Бишкектен аталган ооруканага алып келүүнү чечкен. Бала фимоз менен жабыркап келген (эркек балдардын жыныстык мүчөсүнө байланыштуу оору, медицинада аны дарылоо үчүн сүннөткө отургузуу сунушталат). Чоң атасы хирургдардан небересин сүннөткө отургузууну суранган. Дарыгерлер баланы операцияга камдап, жалпы наркоз сайышкан. Бирок бала наркоздон аллергия болуп, операция столунда каза болгон», - деп билдиришти булактар.

Маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлигинен да тастыкташты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×