Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-июль
Ош облусу, Ош 25.06.2019 20:00

Стамбулдагы мелдеште ийгилик жараткан жаш спортчу кыздарды салтанаттуу тосуп алышты. Видео

Turmush -  Бүгүн, 25-июнда Түркиянын Стамбул шаарында өткөн көркөм гимнастика боюнча мелдешке катышып келген жаш спортчуларды «Ош» эл аралык аэропортунан салтанаттуу тосуп алышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Салтанаттуу иш-чарага Ош шаардык спорт комитетинин кызматкерлери, спортчулар жана ата-энелер катышты.

Стамбулда өткөн мелдешке Ош шаарынан 6 спортчу кыз барган.

«Мелдешке 37 мамлекеттен 400дөн ашуун гимнасттар катышты. 4 жаштан 13 жашка чейинки кыздар күч сынашкан. Биздин жаш спортчулар 2 алтын, 2 коло медаль алышса, 2 кыз 5-6-орундарды багындырды», - деди машыктыруучу А.Шаршембиева.

Ош шаарында көркөм гимнастика боюнча мектеп 2017-жылы негизделген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×