Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-июль
Ош облусу, Ош 25.06.2019 11:54 На русском

Ошто дарбыз сатып алган адам анын ичи кан сыяктуу, желим экенин айтууда. Адистер эмне дейт?

Turmush -  Ош шаарында коңшу мамлекеттен алынып келген делген дарбыздын ичи кан сыяктуу, желим болуп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга дарбыз сатып алган Кутман Султанов билдирди.

Анын айтымында, ал дарбызды базардан сатып алган.

«Тажикстандын дарбызы деп сатышкан. Үйгө алып келип кескенде ичи кан сыяктуу кып-кызыл экен, даамы жок. Кармасам желим сыяктуу, анын суусу боектой болуп столдун бетине жугуп жатат. Тиешелүү кызматтардан чара көрүүнү өтүнөбүз», - деди ал.

Ош шаардык ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук бөлүмүнүн башчысы Сүйүн Абдылдаев эрте бышкан дарбыздардын курамында зыяндуу нитраттар көп болорун билдирди.

«Текшерип жатабыз. Дарбыздар чет жактардан көп алынып келип, ар кайсы жерлерге тарап кеткендиктен, көзөмөлгө алганга мүмкүн болбой жатат. Эл өзү көзөмөлгө алышы керек. Эрте бышкан дарбыздардын нитраты тиешелүү нормадан 5-6 эсеге чейин көп болууда. Түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз», - деди С.Абдылдаев.

Өкмөттүн алдындагы ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директорунун орун басары Кумар Исаков аткезчилик жолу менен алынып келген дарбыздар көйгөй жаратып жатканын билдирди.

«Көрбөй туруп бир нерсе деп айтуу кыйын. Себеби мөмө-жемиштер кошуна өлкөлөрдөн аткезчилик жол менен алынып келип жатат. Текшериш керек. Дарбыз көлөкө жерде сакталышы керек. Нитраты көп дарбыз күндүн ысыгында тез бузулуп калат. Ошондон уулангандар көп болот. Рейддер жүргүзүлүп жатат», - дейт К.Исаков.

Буга чейин Turmush басылмасы коңшу өлкөлөрдөн Кыргызстанга алынып келген коон, дарбыздардын зыяндуулугу белгиленген нормадан 15 эсе көп болуп жатканын жазган. Толук маалыматты бул шилтемеден окуңуз.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×