Бөлүмдөр
Ишемби, 20-июль
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 24.06.2019 13:34 На русском

Ысык-Көлдө жаштар бараткан унаа бакты сүзүп, жигит менен кыз каза болду. Видео

Turmush -  Ысык-Көл районунда жол-транспорт кырсыгынан жигит менен кыз каза болду, деп билдирди аймактык кабарчы.

Алдын ала маалыматтарга караганда, 22-июнда болжол менен 19:00 чамасында «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу катуу ылдамдыкта кетип бара жатып, рулду башкара албай калган. Анын кесепетинен Кара-Ой айылынын кире беришиндеги бакты сүзгөн.

Балыкчы—Каракол унаа жолу (автоунаа сүзгөн бак)

Участок дороги Балыкчы-Каракол

Аталган унаанын ичинде 4 адам болгон — эки жигит жана эки кыз. Алар Өрнөк айылынан келе жатышкан. Унааны Бишкек шаарынын 1995-жылы туулган тургуну М.Т. башкарып жүргөн. Жүргүнчүлөр — 1998-жылы туулган эки кыз дагы Бишкектин тургундары болушкан. Ал эми 1995-жылы туулган жигит Өрнөк айылынын тургуну болгон. Жабырлануучулар ооруканага жеткирилип, алардын арасындагы бир кыз ооруканада каза болгон.

Ал эми айдоочу 23-июнда эртең менен каза болду.

Учурда жол кырсыгы иликтенип жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×