Бөлүмдөр
Жума, 20-сентябрь
Нарын облусу, Нарын 24.06.2019 08:26

Нарын шаарында «Кызыл көйнөк» ден соолук акциясы өттү

Turmush -  Нарын шаарындагы Т.Усубалиев атындагы борбордук аянтта «Кызыл көйнөк» ден соолук акциясы өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Акция «Дени сак аял — дени сак өлкө» деген ураандын алдында өтүп, жөө жүрүш менен коштолду. Анын алкагында аялдардын кан басымы, кандагы канттын өлчөмү, салмагы өлчөнүп, дарыгерлер кеңештерин беришти. Ошондой эле цигун, тибет гимнастикасы жана йога боюнча мастер-класс өткөрүлдү.

Акцияда өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаркын Ибраева, Нарын шаарынын вице-мэри Салтанат Эсенаманова жана «Кызыл көйнөк» долбоорунун жетекчиси, дарыгер Гүлмира Баитова куттуктоо сөз сүйлөшүп, аткарылган иштер жөнүндө маалымат беришти.

Акциянын максаты — аялзатынын ден соолугуна өспүрүм кезинен улгайганга чейин кам көрүү, оорулардын алдын алуу жана ар кандай ооруларды эрте аныктоо.

Мындай акция Нарын шаарында биринчи жолу өттү. Ал өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жана Нарын шаардык мэриясынын колдоосу менен уюштурулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×