Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-июль
Ысык-Көл облусуТоң району 23.06.2019 12:31 На русском

«Баламдын аялын сабаганын көргөн эмесмин»: Кызганычтан улам аялын атып өлтүргөн малчынын апасы менен иниси эмне дешти?

Turmush -  Тоң районунун Сырт өрөөнүндө аялын атып салды деп шектелген малчынын апасы Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына буга чейин келини менен баласынын чырдашкандыгын көрбөгөндүгүн айтты.

«Келиним менен уулум бир нече жылдан бери бизден бөлөк жашачу. Жашоосу кандай экенин билбейм, үйгө келип калганда «жакшы турабыз, баары жакшы» деп айтышчу. Келинимдин 2 жолу боюнан түшкөнү чын. Бирок баламдын сабаганын көргөн да, уккан да эмесмин. Келиним мага деле «мени уруп жатат» деп даттанып айткан эмес. Мен деле «жакшы элесиңби?» деп сурасам «жакшы элемин» дечү. Башка эч нерсе айтчу эмес. «Анын колу, жамбашы сынды» деген сөз калп. Башка эч нерсе айта албайм», - деди ал.

Анын бир тууган иниси да пикирин билдирди.

«Биздин эч кандай тиешебиз жок, эч нерсе билбейбиз. Ал өзүнчө үй-бүлө, мен өзүнчө үй-бүлө болуп жашайбыз. Мен бирөөнүн үй-бүлөсүнө кантип кийлигишем? Бирок буга чейин эч кандай чырын же ар кандай жаңжалы болгонун уккан эмесмин. Сыртта жанагындай окуя болуп кеткенин эле билдик. Башка эч нерсе билбейм. Келинчегин байкем «өзүм аттым» деп мойнуна алгандан кийин ошондой болсо керек. Жанында болбогондон кийин чын бышыгын айта албайбыз», - деди иниси.

Окуя тууралуу:

16-июнда Тоң районунун Сырт өрөөнүндө 29 жаштагы малчы өзүнүн жубайын атып өлтүргөнү кабарланган. Окуя болгон жерде жүргүзүлгөн тергөө иштеринин натыйжасында Тогуз-Булак айылынын 29 жаштагы жаштагы тургуну К.И. өзүнүн жубайы А.Н. менен элдин малын багуу үчүн аталган жайлоодо убактылуу жашап жүрүшкөндүгү такталган. 16-июнь күнү кызганычтан улам жубайлардын ортосунда чатак чыгып, күйөөсү жубайынын көкүрөгүнө ок аткан. Келин алган жаракатынан улам ошол жерде каза болгон. Күйөөсү ок атылган сайсыз мылтыкты мыйзамсыз жана эч бир уруксат кагаздары жок сактап жүргөн.

Аймактык кабарчыга айылдаштары каза болгон келиндин үй-бүлөсү тууралуу айтып беришкен.

«Аялын атып өлтүргөн жигит 1989-жылы туулган. Ата-энеси бар, 6 бир туугандын улуусу: 4 эркек жана 2 кыз. Акыркы 2 жылдан бери айылдагы бир кишинин чабаны болуп, малын бакчу. Ал эми аялы 1992-жылы Новопавловка айылында туулган. Биздин билишибизче 3 бир тууган: 1 иниси жана 1 сиңдиси бар. Атасы каза болгон деп укканбыз. Анын артында 3 жаштагы кызы калды.

Баланын ичкенин деле көргөн эмеспиз. Бирок аялын сабачу. Ур-токмоктун айынан боюнан 2 жолу түшкөн. Ортодо ажырашып, кайра табышкан. Ага чейин бул бала башка аял алып, аны менен кайра ажырашып, бул аялы менен элдешип жашап жатышкан.

Акыркы учурда келин арыктап, абалы начар болчу. Ошондо аны тааныган аялдар кайненесине «келиниңди кор кылбай, үйүнө эле кетирбейсиңби» деп айтышкан экен», - дешкен айылдаштары.

Кийин жубайлардын чатагына себеп болгон кызганычтын чоо-жайы маалымдалган.

«Аялын атып өлтүргөн жигиттин ата-энеси 1980-жылы туулган Бекжан (аты өзгөртүлдү) аттуу тургунду уулуна кошуп тоого кетиришкен. Каныбек (шектүү, аты өзгөртүлдү) элден да кошумча мал алгандыктан, ата-энеси жалгыз жетишпейсиң деп аталган жигитти кошо жөнөтүшкөн. Ага айлык беришмек экен. Ошентип Каныбек аялы, 3 жаштагы кызы жана Бекжан менен Тоң районунун Сырт өрөөнүнө мал багууга жөнөп кеткен. 1 айдан кийин эле ушул окуя болду. Каныбек аялын кызганып, чайды да жөн отуруп ичишчү эмес экен.

Бир күнү кызганычтан улам шектүү Бекжанды сабаптыр. Ошондо ал башка чабандыкына качып кеткен экен. Ал чабан Бекжанды келин каза боло электе айылга алып кетиптир. Бекжан кеткенден кийин, тактап айтканда 1-2 күндөн соң Каныбек аялын атып салган экен. Сырт жайлоосундагы башка малчылар Бекжандын сабалганын угуп, Каныбектен кабар алып коёлу деп барышат. Алар барганда Каныбек чыгып, «мен музоо байлаганы сыртка чыксам, аялым өзүн-өзү атып алыптыр» деп буркурап ыйлаптыр. Чабандар үйүнө кирип, каза болгон келиндин үстүн жабышыптыр. Кийин Каныбек аялын коркутам деп атып алганын айткан экен. Бытырасы жок, порох салынган ок менен аткан. Келиндин өпкөсү айрылып, кансырап жан берген. Кызынын көзүнчө атканбы же кызын сыртка чыгарып жиберип атканбы белгисиз. Келиндин денеси көк ала экенин да көрүшкөн. Катуу сабалганы билинген.

Каныбекти жакын тааныган адамдардын айтымында, буга чейин атам деп, аялын коркуткан учурлар болгон экен», - дешкен айылдаштары.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×