Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-июль
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 22.06.2019 13:22 На русском

4 айлык кызы, апасы, аялы, жээндери: Базар-Коргондо үйгө чагылган түшүп, 6 адам жаракат алды. Видео

Turmush -  Бүгүн, 22-июнда эртең менен саат 8:00 чамасында Базар-Коргон районуна караштуу Кеңеш айыл аймагынын Көкчө-Көз айылындагы үйгө чагылган түшүп, 6 адам ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Маалыматка караганда, чагылган түшкөн үй М.И.нин үйү болгон. Кырсыктын кесепетинен үй ээси өзү, апасы, келинчеги, 4 айлык кызы, 2 жээни, акесинин баласы ар кандай жаракаттарды алышкан. Өзүнөн башкалары Базар-Коргон аймактык ооруканасына жеткирилди. Чагылган алар эртең менен тамактанып жаткан учурда үйдүн электр эсептегичине түшкөн. Мындан улам үйдүн короосундагы дубал, үйдүн чатыры талкаланып кеткен.

ӨКМдин Базар-Коргон райондук башкармалыгынын жетекчиси Жеңишбек Матназаровдун айтымында, жаракат алган үй-бүлө мүчөлөрү ооруканага жеткирилип, дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп жатат. Кырсыктан улам айылдагы 9 үйдүн электр эсептегичтери иштен чыккан. Учурда жарандык коргонуу комиссиясы түзүлүп, зыян тарткан үйлөргө электр эсептегичтерди орнотуу иштери жүрүп жатат.

Бүгүн, 22-июнда Сузак районуна караштуу Кызыл-Байрак айылындагы үйгө чагылган түштү.

Маалым болгондой, чагылган үйдүн чатырындагы антеннага тийген. Анын кесепетинен үй ичиндеги сыналгы күйүп, бычак менен картошка туурап жаткан 8-класстагы Н.А. аттуу кызды ток урган. Кыз олуттуу жаракат албагандыктан ооруканага барган эмес.

Буга чейин Чаткал районунун Сумсар айылында трансформаторго чагылган түшкөн. Ал кырсыктан адамдарга эч кандай кооптуулук болгон эмес.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×