Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-июль
Жалал-Абад облусуТоктогул району 20.06.2019 13:10 На русском

«Жаак-пагын таңып коёлу...»: Ала-Белде газ ташыгыч ала салып, айдоочу мерт кетти. Окуя болгон жерден видео

Turmush -  Ош—Бишкек унаа жолунда адам өмүрүн алган жол кырсык катталды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга окуянын күбөлөрү билдирип, ошол жерден тартып алган видеолорун жиберишти.

Алардын айтымына караганда, бүгүн, 20-июнда Ош—Бишкек унаа жолундагы Ала-Бел ашуусунда газ ташыгыч (газовоз) ала салып, айдоочусу кырсык болгон жерден каза болгон. Күбөлөр маркум Кара-Балта шаарынын 1967-жылы туулган тургуну болгонун кошумчалашты.

Эскертүү: Видеодо цензурасыз сөздөр айтылган!

Кийинчерээк Turmush басылмасына маалым болгондой, 2019-жылдын 20-июнунда болжол менен саат 07:40 чамасында Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Кара-Балта шаарынын 1967-жылы туулган тургуну Б.А. өзүнүн жүк ташуучу унаасына 15 тонна жаратылыш газы бар чиркегичти сүйрөтүп алып, Бишкек шаарынан Жалал-Абад шаарына бара жатканда Бишкек—Ош жолунун 221-800-чакырымында белгисиз себептерден улам рулду башкара албай жолдон чыгып, унаасы Чычкан суусуна ала салып, жараксыз абалга келген. Кырсыктын кесепетинен айдоочу денесине алган жаракатынан ошол жерден каза болгон.

Алдын ала маалыматтарга караганда, маркум «Чайна Петроль Компани Джунда» ишканасынын жаратылыш газын жүктөп бара жаткан.

Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери газы бар чиркегичти сууда жаткан абалда табышкан. Ичиндеги газ жабыркаган эмес.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×