Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-сентябрь
Нарын облусуКочкор району 19.06.2019 12:44 На русском

Элдик уламыштар: Аты, кушу жана ити менен 530 жыл жашаган карыя

Turmush -  Аты, кушу жана ити менен 530 жыл жашаган карыя же Кочкор өрөөнүндөгү мүрөктүн суусу тууралуу уламышты Нарын облусунун Кочкор районундагы Кум-Дөбө айылынын жашоочулары Жакшылык Жумалиев менен Усубакун Мамырбаев эл оозунан жазып алышкан. «Ыйык мурас» тарыхый маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу боюнча коомдук ассоциациясынын төрагасы, тарыхчы Кайырбек Коңурбаев алардын жазгандарына таянып, буларды айтып берди.

Азыркы Кум-Дөбө айылында төлөк уруусунан чыккан Сейит жана Мамырбай аттуу адамдар Кашкарга соода кылып барышат. Соодасы жакшы жүрүп, кайра келе жатып жолдогу боз үйгө кайрылышат. Боз үйгө киришсе, төрдө төшөктүн үстүндө муштумдай болгон абышка отурган болот. Абышка балдарга «келгиле, кирип орун алгыла» деп балдарына меймандар үчүн төшөк салдыртат. Отуруп тамак ичип, баарлашкан соң, абышка «ии, балдар кеп салгыла. Кайсы жактан келе жатасыңар, кайсы жерден болосуңар?» деп сурап баштайт. Сейит менен Мамырбай ага чейин абышканын кичинекейлигине жана жаш көрүнгөнүнө, ага кызмат кылган адамдар андан бир топ картаң көрүнгөнүнө таң берип отурушкан болот.

Мамырбай «биз Кочкордон болобуз аксакал. Кашкарда соодабыз бүтүп, кайра кетип баратабыз» дейт. Абышка «Кочкордо Төрт-Күл деген жер барбы?» деп сурайт. Беркилер «бар» дешет, анда абышка «жердин астында эки атчан киши кенен жүргөндөй, беш-алты кез тереңдикте Шамшынын белин көздөй кеткен 5-6 чакырым өткөөл бар эле. Ал кароолканадан чыкчу. Тегерек там болор эле. Ошондой эле көч чыгарда хан салык (хандын салыктан топтолгон байлыгы көмүлгөн жерлер) деген бар эле» дейт. Мамырбай «кароолкана, тегерек там бар экенин билебиз. Жердин астындагы жолду жана хан салыкты билбейбиз» дегенде абышка «андай болсо балдар бир окуяны айтып берейин» деп сөзүн баштайт.

«Мен Төрт-Күл чоң шаар болуп турган кезде ошондо жашадым. Бир күнү жердин астындагы жол менен Шамшы жагына мергенчилик кылганга чыктым. Бир топ кыр-коктуларды ашып, жанымдагы тайган, кушум жана атым болуп баарыбыз суусадык. Суу издеп жүрсөм, бир жерде булактан суу агып жатыптыр. Ал суудан мен, атым, тайганым жана кушум да ичти. Ошондон бери 530 жыл болду. Көрсө мен, атым, кушум жана итим мүрөктүн суусун ичиптирбиз. Ошондон бери өлбөй жашап келе жатабыз. Кийин шаарды душмандар чапканда бир топ кишилер менен Кашкар тарапка келдик.

Мына өзүм торгойдой, атым ыргайдай, кушум муштумдай, итим жаңы туулган күчүктөй болуп жашап келе жатабыз. Балдарым менден картаң көрүнөт. Бул абышка канчанчы кыбырамдын баласы? Адашып калдым, 85 жашка чыкты. Канча баламдан, канча неберелеримден ажырадым, канча жамандык көрдүм. Ошондо деле өлбөй жашап келе жатам», - дейт аксакал.

Сейит менен Мамырбай кичинекей кушка, мамыда байланып турган атка жана кире бериште жаткан муштумдай итке, абышкага таң калып, ооздорунан сөзү түшүп, бир топко барып укташат. Эртеси коштошуп, Кочкорду көздөй жөнөшөт. Келгенден кийин кароолканага барып, хан салыкты таап, бирок өткөөлү жок болуп чыгат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×