Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-июль
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 18.06.2019 18:12 На русском

Бет карашпаган абысындар... Финансы пирамидасынын курмандыгы болгон көлдүктөр миллиондорун алдатты

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылындагы Бообек Ибраев атындагы маданият үйүндө финансылык пирамидага 35 млн сомго жакын акчасын алдаткан район элинин арызы боюнча сот отуруму болууда, деп маалымдайт Turmush басылмасынын кабарчысы. Соттук отурум жабыр тарткандардын саны көп болгондуктан маданият үйүндө өтүп жатат.

Жабыр тарткан тургундардын айтымында, бул финансылык пирамидага облустун 4 районунун 1 миңге жакын тургуну акчасын алдаткан. Учурда 500 арыз сотко жетти.

«Менин омурткам ооруйт. Операцияга деп чогултуп жаткан акчамдан 68 миң сом бергем. Себеби көбөйүп, операцияга толук жетсин дегем. Ошондой эле кайын эжемди кошком. Ал 34 миң сом берген. Азыр ал менден доолап жатат», - дейт жабырлануучулардын бири Айгүл Урустамова.

Сүйүмкан Байчерикова да жабыр тарткан тургундардын бири. Ал абысындары менен бирге финансылык пирамидага миңдеген акчаларды санап берип, бүгүнкү күнгө чейин каражаттарын кайтара албай жүрүшөт.

«Биз 5 абысынбыз. Бешөөнүн үчөө 34 миң сомдон, экөөбүз 68 миң сомдон бергенбиз. Акчабызды кайтарып ала албай жатабыз. Ушуга жардам берүүңүздөрдү суранам», - дейт ал.

Жабыркагандардын айрымдары аталган пирамидага кирүү үчүн насыя алып, учурда аны төлөй албай жатышат.

«Мен 54 жаштамын. 45 миң сом насыя алгам. Анын 34 миң сому менен пирамидага киргем. Жөн жерден 18 ай бою 3300 сомдон төлөдүм», - дейт Мартгүл Сартбаева.

Ошондой эле баатыр энелер да жабыр тарткан.

«Менин 8 балам бар. Үйүм жок, батирлеп жүрөбүз. Кошунанын баары бул пирамиданы макташканда мен да ишендим. Буйрук болуп, балдарга үй алып каламбы деп киргем. Эми акчадан же үйдөн жок отурабыз», - дейт Гүлзат Жоошбекова.

Жабыр тарткан жарандар буга чейин президентке, акыйкатчыга кайрылган.

«Бул пирамида үчүн айылда ынтымак кетти. Бири-бирине сунуштап киргизгендер катышпай калды. Абысындар урушуп жатат. Акчабызды кайтарып бербесе, президентке жөө барууга да даярбыз», - дейт Фарида Казанова.

Жабырлануучулардын укугун Элнура Алымбаева коргоодо.

«Ишти сотко алып чыгуу оор болду. Жабырлануучулар абдан көп. Тергөө бир жылга жакын созулду. Көптөгөн сумманы алдаганы үчүн шектүүлөргө баш кароо чарасын өзгөртүп, камакка алуу боюнча өтүнүч келтирдик. Айыпталып жаткан 3 жаран Чүй районунун тургундары. Алардын экөө мурда Кылмыш-жаза кодексинин (эски мыйзам) 166-беренеси (алдамчылык) менен сот жообуна тартылган экен», - дейт жактоочу.

Соттук иш 18 томдон турду. Ушуну менен төртүнчү соттук отурум болууда. Учурда судья Айбек Бекбулатов ар бир ишти өзүнчө карап жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×