Бөлүмдөр
Жекшемби, 15-сентябрь
Ош облусуКара-Кулжа району 18.06.2019 11:11

Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн мурунку башчысы акимдин орун басары болуп, ордуна жаңы жетекчи шайланды

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Кара-Кулжа районуна караштуу Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Алымбек Карыяев шайланды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга мурунку айыл өкмөт башчы Бурканбек Айсаев билдирди.

Анын айтымында, айыл өкмөт башчысы кызматына алгач 4 талапкер ат салышкан, бирок алардын экөө талапкерлигин кайра алган.

«Айыл өкмөт башчысы кызматына Алымбек Карыяев менен Бактыбек Абдилазиз уулу талапкерлигин коюшкан. Шайлоого 21 депутат катышып, алардын он бири Алымбек Карыяевге добуш беришкен. Ал эми Бактыбек Абдилазиз уулу 10 добушка ээ болду», - деди Б.Айсаев.

Буга чейин Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Бурканбек Айсаев иштеп келген. Ал ушул жылдын 16-майында Кара-Кулжа районунун акиминин биринчи орун басары болуп дайындалган.

Ал эми жаңы шайланган Карыяев Алымбек Убаневич 40 жашта. Буга чейин аталган айыл өкмөттүн аппаратында 9 жыл бухгалтер болуп иштеген. Кесиби боюнча экономист, тарыхчы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×