Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Баткен облусуБаткен району 17.06.2019 16:55 Жаңыланды: 04.08.2019 09:55 На русском

Айыл турмушу: Баткендик Жолчубай аксакал атасынын өлүмүнөн кийин дарыгерлик кесипке ээ болгон (сүрөт)

Turmush -  Баткен районунун Ак-Татыр айылынын 67 жаштагы тургуну Жолчубай Кошназаров 49 жылдан бери элетте фельдшер болуп иштеп келе жатат. Аймактык кабарчы аскакал дарыгер менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, жаш кезинде айылдарды кыдырып иштечү.

«6 жашымда атам дүйнөдөн кайтып, өгөй атанын колунда жетимчиликтин азабын тартып чоңойдум. Атам жөнөкөй оорудан, дарыгердин жоктугунан каза болгон. Ошондо өзүмө «Чоңойсом дарыгер болом. Элдин ден соолугун карап, эл адамы болом» деп сөз бергем. Ошентип 8-классты бүтүп, Жалал-Абаддагы медициналык окуу жайга бардым. Окууну бүтүп жумушка келгенде эле аскерге чакырышты. Аскерде 2 жыл фельдшер болдум. 1971-жылдан тарта Ак-Татыр айылында кайрадан ишимди уланттым. Ошол мезгилде Ак-Сай, Үч-Дөбө, Гоусвар, Көк-Таш айылдарын жөө кыдырып, жаш бөбөктөрдү, кары-картаңдарды текшерип кабар алчумун. Жайлоодогу койчуларды да дары-дармегимди көтөрүп барып текшерчүмүн. Кызыгы ошол мезгилде апалар балдарын «Жолчу доктур келе жатат» деп коркутушчу», - деди ал.

Аксакалдын кызы Акбермет Кошназарова атасы бир нече сыйлыктардын ээси экендигин белгиледи.

«Атам өзү жетим өсүп, бизди эч нерседен кем кылбай чоңойтту. 5 бир тууганбыз, баарыбыз жогорку билимдүүбүз. Эң кичүү инибиз дүйнөдөн өтүп кетти. Атам ошондон бери жүрөк оорулуу болуп калды. Ошондон кийин иштебейм деп ишти таштады. Бирок үйгө келип, «көрүп койчу, ооруп калдым» дегендер толуп кетти. Атам өзү да эл аралап жүрүп көнгөндүктөн чыдабады, 3 ай дегенде кайра ишине барды. «Саламаттыкты сактоонун отличниги», «Ак-Татыр айылынын ардактуу атуулу» жана башка көп сыйлыктардын ээси. Учурда атамдын 11 небереси, 1 чөбөрөсү бар», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×