Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-июль
Ош облусуЧоң-Алай району 17.06.2019 19:47

Чоң-алайлыктар жарым млн сом битир-садага чогултушту

// Пресс-служба ДУМК

Turmush -  Рамазан айында Ош облусундагы Чоң-Алай районунун аймагындагы мечиттерде битир-садага катары 505 470 сом чогулду. Бул каражат райондогу 59 мечитте топтолгон.

Муфтияттын маалыматы боюнча, бул каражаттын 40 пайызы — 202 186 сом жергиликтүү мечиттерде калтырылды. Каражаттын 60 пайызы арыз менен кайрылган жардамга муктаж жашоочуларга атайын түзүлгөн коммиссиянын чечими менен таратылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×