Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ош облусу, Ош 17.06.2019 13:52 На русском

Прокурор А.Мамажакыповдун өлүмү: Сот отурумунда жактоочуларды тилдешти. Видео (толукталды)

Turmush -  Ош шаардык сотунда прокурор Анарбай Мамажакыповдун жана анын өлүмүнө шектүү Мелис Калыковдун жакындары кайым айтышты, деп билдирди аймактык кабарчы.

Бүгүн, 17-июнь күнү Ош шаардык сотунда Баткен облусунун мурунку прокурору — маркум Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнө шектүү катары кармалган капиталдык курулуш башкармалыгынын мурунку башчысы Мелис Калыковдун кылмыш иши каралып жатат.

Кезектеги сот отуруму эки тараптын кайым айтышуусу менен башталды. Маркум А.Мамажакыповдун жакындары шектүүнүн жактоочуларын дагы тилдешти.

Отурумда маркум А.Мамажакыповдун ошол кездеги орун басары Арслан Байболсунов суралып, шектүү М.Калыковдун жакындары аны тилдегени үчүн сот залынан чыгарылды.

Буга чейин дагы соттук отурумдар эки тараптын кайым айтышуусу менен коштолуп келген.

7-июнь күнү Ош шаардык сотунда өткөн отурум:

22-майда дагы Ош шаардык сотунда А.Мамажакыпов менен Мелис Калыковдун жакындары жана туугандары бири-бири менен кайым айтышып кетишкен:

Ошондой эле 7-май күнү дагы Ош шаардык сотунун алдында эки тараптын катышуусунда жаңжал чыккан:

Окуя тууралуу:

2018-жылы 17-ноябрь күнү саат 22:10 чамасында Баткен шаарынын Турдумаматов көчөсүнөн «Лексус 470» үлгүсүндөгү унаа табылган. Аны кароо учурунда унаанын капталдарынан кандын тактары табылган.

Баткен ОИИБдин кызматкерлери түнү бою иликтөө иштерин жүргүзүшүп, анын натыйжасында Баткен шаарынын Кызыл-Жол кварталынын батыш тарабындагы участкадан Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун киши колдуу болгон сөөгүн табышкан. Бул жагдай боюнча Кылмыш-жаза кодексинин (эски кодекс) 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүү катары Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы М.Калыков кармалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×