Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Талас облусу, Талас 15.06.2019 12:21

Таласта өтүп жаткан «Достук» фестивалы аяктады

Turmush -  Бүгүн, 15-июнда Талас шаарында өтүп жаткан «Достук» фестивалы аяктады. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Маалым болгондой, фестивалга 7 облустун 9 жогорку окуу жайларынан келген студенттер катышты. Активдүү катышкан студенттерге ар кандай белектер, акчалай сыйлыктар, грамоталар тапшырылды. Иш-чарага Германиянын Мерзебург шаарындагы окуу жайдын профессору Дирк Загман да келип, Кыргызстандагы жогорку окуу жайлар менен келишим түзгөнүн айтты. Анын негизинде студенттер Германияга барып билим алса болот.

2 күнгө созулган фестиваль бүгүн аяктап, 7 облустун студенттери Таластын кооз аймактарына саякатка жөнөштү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×