Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Ош облусуНоокат району 14.06.2019 15:40 На русском

Ахмаджан Пазылов 2-3 кылымды карыткан шаймандар менен киреше табат. Видео

Темир уста Ахмаджан Пазылов
Темир уста Ахмаджан Пазылов

Turmush -  Ноокат районуна караштуу Гүлистан айыл өкмөтүнүн 38 жаштагы тургуну Ахмаджан Пазылов көп жылдардан бери темир устачылык менен алектенет. Ал бул өнөрдү ата-бабасы аркалап келгенин айтып, өзү темир устачылык өнөрүн улантып жаткан үй-бүлөнүн алтынчы мууну экенин билдирди. Ахмаджан Пазылов менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, Пазыловдордун үй-бүлөсүн «такачылар» деп дагы аташкан. Ахматжан мырза темир устачылыкты өзүнүн балдарына да мурас катары үйрөтөрүн айтты. Анын устаканасынан 2-3 кылымды карыткан ата-бабаларынан калган шаймандарды көрүүгө болот.

«Темирден ар кандай буюмдарды жасайм. Буюмдарды кардарлардын оюндагыдай кылып жасап берем. Така, тапчан, кетмен, орок, чалгы, стол, отургучтарды, темирден эмне жасалса баарын жасай алам. Баарын колго жасайбыз. Ар бир буюмга өзүмдүн эн белгимди коем. Бош болуп калсам жергиликтүү тургундардын унааларын оңдойм, аттарын такалап берем», - дейт темир уста.

Ал темир кесүүдө электр тогу менен иштөөчү кесүүчү, ширетүүчү каражаттарды колдонбой турганын билдирди.

«Атамдын айтымында, темирди ээритүүдө ата-бабаларыбыз арчадан көмүр жасачу экен. Ошондой көмүргө ээриген темирди ширетпей эле жабыштырууга болот. Илгери "ширетүү" деген түшүнүк болгон эмес. Эки-үч кылым мурда колдонулган темир кескичтерди пайдаланабыз. Ата-бабаларыбыз кандай үйрөтүп кетсе, биз дагы ошондой жасайбыз», - дейт Ахмаджан мырза.

Учурда темир устанын атасы 74 жашка чыккан. Ошондуктан устакананы жалгыз өзү башкарып келет.

«Кичинекей кезимде атамдын жанында жардамдашып жүрүп темир устачылыктын көп сырларын үйрөндүм. Азыр атам темирлерди ары-бери көтөрүүгө алы жетпей калды. Устаканадагы бардык жумуштарды өзүм кылам. Эгерде бир нерсени жасаганды билбей же түшүнбөй калсам, дароо эле атамдан сурайм. Атам менен кеңешип турабыз. Мен да устачылыкты балдарыма үйрөтөм. Азырынча балам 3 жашта. Эгер менин уулум бул кесипти улантып кетсе, ал темир усталардын жетинчи мууну болот», - дейт А.Пазылов.

Ал буюм-тайымдарды жасоодо алгач темирдин сапатына көңүл бурат.

«Жасалган буюм темирден болгондон кийин анын түбөлүк сакталуусу зарыл. Аттын такасын жасоого бир сааттан ашык убакыт кетет. Аны 400-500 сомдон сатабыз. Эгерде атты такалап берсем, 700 сомдон 1000 сомго чейин акы алам. Такалар да кыш жана жай мезгилдерине ылайыкталып жасалат», - деди темир уста.

Ал эми Ахмаджан мырзанын атасы Жоробай Пазылов өзүнүн атасынын эртеден кечке чейин меш алдында тер төгүп, темир устачылык менен алектенген күндөрү дагы эле көз алдында экенин айтты.

«Мен анда кичинекей бала болчумун. Атам мештин, күйүп турган оттун алдында эртеден кечке чейин темирден түрдүү буюмдарды жасачу. Ал учурда электр тогу менен иштөөчү каражаттар болгон эмес. Баарын колго жасачу. Бизди маңдай тер менен нан таап жегенге үйрөттү. Устаканада 2-3 кылымды карыткан буюмдар бар. Алардын кээ бирөөлөрүн атам да кайсы жылга таандык экенин билген эмес», - деди Жоробай Пазылов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×