Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-сентябрь
Ош облусуАраван району 13.06.2019 17:29 На русском

Араванда өстүрүлгөн гилас Кытайга экспорттолууда. Видео

Turmush -  Араван районунда өстүрүлгөн гилас Кытайга экспорттолууда. Бул тууралуу Америка Кошмо Штаттарынын эл аралык өнүктүрүү агенттиги тарабынан (USAID) уюштурулган айыл чарбаны өнүктүрүү чөйрөсүндөгү долбоорлорду тааныштыруу иш-чарасында айтылды.

Аталган иш-чаранын алкагында Араван районундагы логистикалык борбордун иштөө тартиби көрсөтүлдү. «Араван Агросервис» логистикалык борборунун жетекчиси Шахрух Умаровдун айтымында, быйыл Кытайга 35 тонна гилас экспорттолгон.

«Биздин максатыбыз — дыйкандардын продукциясын жогорку баада сатуу. Учурда гиластын 1 килограммын 130 сомдон 240 сомго чейинки баада сатып алып жатабыз. Кытайга 35 тонна гилас сатылды. Бул борбордо картошканы дагы сактап, чет өлкөлөргө сатабыз», - деди Ш.Умаров.

«Араван Агросервис» логистикалык борбору 2016-жылы курулган. Аталган борбор 250гө жакын дыйкандын башын бириктирет. Дыйкандар өстүргөн мөмө-жемиштерин логистикалык борбордун талаптарына ылайык тапшырышат.

Аталган логистикалык борборго 100 тонна жер-жемишти сактоого болот. Учурда гиластын 5 түрү чет өлкөгө экспорттоо үчүн даярдалууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×