Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Ош облусу, Ош 12.06.2019 16:52

Ошто кыргыз-өзбек тасмаларынын жумалыгы өттү

Ош шаары
Ош шаары

Turmush -  Ош шаарында кыргыз-өзбек тасмаларынын жумалыгы өттү. Бул тууралуу Ош облустук кинодирекциясынын жетекчиси Адылбек Сарыбаев билдирди.

Анын айтымында, аталган жумалыкка кыргыз-өзбек элинин белгилүү актерлору жана режиссерлору катышкан. Жумалыктын ачылыш аземи 6-июнь күнү «Семетей» кинотеатрында өткөн жана иш-чара 3 күнгө созулган.

Анын алкагында «Делбирим» («Кызыл жоолук жалжалым»), «Ысык нан», даректүү тасмалардын ичинен «Эки асман арасында», «Автор саргуз ошиклар», «Деврюк ошпаз» аттуу тасмалар көрсөтүлгөн. Тасмаларды көрүү акысыз болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×