Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-июнь
Жалал-Абад облусу, Таш-Көмүр 12.06.2019 15:21

Таш-Көмүрдө сууга түшүүгө кооптуу болгон аймактарга такталар илинди

Turmush -  Таш-Көмүр шаарында сууга түшүүгө кооптуу болгон аймактарга такталар илинди. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Таш-Кѳмүр шаарынын аймагынан Кыргызстандагы эң узун Нарын дарыясы агып ѳтѳт. Дарыяда сууга түшүүгѳ кооптуу болгон участкалар кѳп болгондуктан жергиликтүү милиция тарабынан ар түрдүү кырсыктардын алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлүүдѳ.

«Бүгүн Нарын дарыясынын аймагындагы жайкы мезгилде кооптуулук жараткан жерлерге эскертүү иретиндеги атайын такталар илинди. Бул иш-чара Таш-Кѳмүр ШИИБдин жетекчилигинин демилгеси астында уюштурулуп, милициянын участкалык ѳкүлдѳрү, өспүрүмдөр менен иштѳѳ инспекциясы, жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери, жарандык коргонуу боюнча ѳкүл, ѲКМдин кызматкерлери жана аймактык башкармалыгынын башчылары менен биргеликте жүргүзүлдү.

Жергиликтүү элге сууга чѳгүүлѳрдүн алдын алууга багытталган түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Жашы жете элек ѳспүрүмдѳрдү аптаптуу күндѳрү ата-энелер, жакын адамдары ѳз кѳзѳмѳлүнѳ алуу керектиги айтылды. Жаштарга ар кандай шартта сууга түшүүгѳ болбой тургандыгы милиция тарабынан эскертилип, ар кандай кырсык жана кокустуктардан оолак болууга чакырышты», - деп билдирет басма сөз кызматы.

Буга чейин ӨКМ Таш-Көмүр шаарындагы Бачок участкасын кооптуу деп тапкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×