Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-июнь
Ош облусу, Ош 12.06.2019 14:52 На русском

Ошто мыйзамсыз курулуп жаткан май куюучу жай аныкталып, кылмыш иши козголду (сүрөт)

Мыйзамсыз курулуп жаткан май куюучу жай
Мыйзамсыз курулуп жаткан май куюучу жай

Turmush -  Ош шаарынын Амир-Тимур аймактык кеңешинде мыйзамсыз курулган май куюучу жай аныкталып, прокуратура тарабынан кылмыш иши козголду. Бул тууралуу маалыматты Ош шаардык прокуратурасы тастыктады.

Кечээ, 11-июнь күнү Ош шаардык кеңешинин 21-сессиясында Амир-Тимур аймактык кеңешинин С.Айни көчөсүндө Шаардык архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын уруксаты жок май куюучу жай курулуп жатканы айтылган. Май куюучу жай 180 чарчы метр жерге күйүүчү май сактоочу кампасы менен бирге салынып жаткан. Аталган жерде Ош шаардык мэриясынын жолдор башкармалыгынын дагы уруксаты жок узундугу 70 метр, туурасы 1 метр, тереңдиги 1,2 метр болгон чуңкур (траншея) казылганы аныкталган.

Аталган факт ушул жылдын 20-апрель күнү Ош шаардык прокуратурасы тарабынан Жазык кодексинин 258-беренеси (Тоо-кен, курулуш, жарылуу кооптуулугу бар же башка жумуштардын коопсуздук эрежелерин бузуу) жана 331-беренесинин (Шалаакылык) негизинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн тийиштүү органдарга өткөрүлүп берилген.

Ал эми Ош шаардык экотехинспекция жана архитектура башкармалыктары тарабынан мыйзамсыз курулуп жаткан май куюучу жайдын ээсине ушул күнгө чейин чара көрүлгөн эмес.

-------------------------------

Turmush басылмасы 14-майда Ош шаардык кеңешинин 20-сессиясында Ош шаарындагы май куюучу жайлар боюнча маселе көтөрүлгөнүн жазган.

«Май куюучу жайлар текшерилип чыкты. Азыр шаарда коопсуздук талаптарына жооп бербеген 38 май куюучу жай бар экен. Бул жерде мурда мыйзамдуу курулган май куюучу жайлардын жанына жакын салынып калган объекттер бар. Ага жооп бере турчу башкармалыктар бар. Бул маселе азыр эле чечилип калбайт. Аны сот чечет. Биз ишти сотко чейин жеткиребиз», - деген Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов.

Расмий маалымат боюнча Ош шаарында жалпысынан 44 май куюучу жай бар.

-------------------------------

Turmush басылмасы 20-март күнү Ош шаарындагы Н.Исанов көчөсүндөгү турак үйдүн жанындагы май куюучу жайдан чыккан өрт чыккандыгы жөнүндө жазган. Кечки саат 20:15те башталган өрт 22:10до чектөөгө алынган. Өрттүн кесепетинен 3 адам жабыркап, 2 бейтап Ош облустук бириккен клиникалык ооруканага жеткирилсе, 1 жаран Ош шаардык ооруканага жаткырылган.

Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын нөөмөттөгү хирургу Аятилло Умурзаковдун айтымында, саат 21:40 чамасында 2 жабырлануучу ооруканага түшкөн. Бирөөсү 1960-жылы туулган. Бетинен 9-12-даражадагы күйүк алган. Ал эми экинчиси 1991-жылы туулган. Анын ичине жарылган цементтин калдыгы тийген.

«Мыйзамсыз иштеген май куюучу жайлар мыйзамдын негизинде каралып, талапка жооп бербегендер алынат. Шаар тургундарынан да кабар алабыз. Жардам керек болсо ар дайым даярбыз», - деген Т.Сарыбашов.

22-март күнү Ош шаарынын Гагарин жана Ы.Монуев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан май куюучу жайлардын коопсуздугу текшерилген.

---------------------------------

Буга чейин Ош шаарынын Н.Исанов көчөсүндөгү автоунаа жуучу жайдын артында мыйзамсыз түрдө май куюучу каражаттарды колдонуу менен күйүүчү май сатылып жаткандыгы аныкталган. Мыйзамсыз күйүүчү май сатылып жаткан унаа жуучу жай А.С. атуу жаранга тиешелүү экендиги белгилүү болгон. Ага байланыштуу А.С. жана башка жарандарга Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 211-беренесинин 1-бөлүмүндө каралган (Мыйзамсыз ишкердик) кылмыштын белгилери боюнча жана Мамэкотехинспекциянын Ош шаары боюнча региондор аралык башкармалыгынын айрым кызматкерлерине дагы КРнын Жазык кодексинин 331-беренесинин 1-бөлүмүндө каралган (Шалаакылык) кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголгон. Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар сотко чейинки өндүрүш иштерин жүргүзүү үчүн Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгынын тергөө бөлүмүнө жиберилген.


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×