Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 12.06.2019 13:18 На русском

Энергетиктердин айлыгына алымсынбай, өз алдынча бизнес баштаган темир устанын маеги (сүрөт)

27 жаштагы Сейтек Акматов
27 жаштагы Сейтек Акматов

Turmush -  27 жаштагы Сейтек Акматов 6 жылдан бери улуттук оймолор түшүрүлгөн өзгөчө дарбазаларды жасап, киреше табат. Андан тышкары селкинчек, бастырма жана эмеректерди жасайт. Темир уста менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал жогорку окуу жайда энергетика багыты боюнча билим алган. Студент кезинен эле темир усталардын жардамчысы болуп иштеген.

«Студент кезимде Ош шаарында эки-үч устага жардамчы болуп иштеп, дарбаза жасаганды үйрөнүп, анча-мынча акча дагы алып жүрдүм. Беш бир тууганмын. Алардын "кесибиң боюнча иште" дегенине карабай, энергетиктердин айлыгына алымсынбай, Өзгөнгө келдим. Ижарага жер алып, эки жардамчы менен ишимди баштагам. Жумуш учурунда колуңду кесип алган учурлар болот, анан ширетүү да көзгө зыян. Жаз мезгилинде курулуш иштеринин сезону башталгандыктан жумуш көбөйөт», - дейт Сейтек Акматов.

Ал жасаган дарбазанын эң кымбаты 70 миң сомго бааланган. Андан да кымбат дарбазалар бар, бирок уста аны жөнөкөй калк сатып албай турганын билдирди.

«Дарбазага керектүү материалдар Россия жана Казакстандан келет. Эскизин интернеттен көрүп же өзүм ойлоп-таап, чием. Буюртма кылган адамдын да пикирин угабыз. Кээ бирде кардар чен-өлчөмдү туура эмес берет. Дарбазаны жасап, үйүнө алып барсаң, туура келбей калат. Эгер уста кардардын үйүнө барып, дарбаза орнотула турган жерди туура эмес ченеп жасап койсо, анда кайра башка дарбаза жасап беребиз. Бир дарбазаны жасоо үчүн бир жума убакыт кетет. Селкинчектерди үч күндө, 15 миң сомго жасайбыз. Келечекте темир усталардын эмгектери коюла турчу базар ачсамбы деген ойлор бар», - деди темир уста.

Сейтек Акматов Жалал-Абад облусунун тургуну. Учурда Өзгөн шаарында жашап, иштейт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×