Бөлүмдөр
Жума, 20-сентябрь
Баткен облусуЛейлек району 08.06.2019 17:31

Лейлекте ишкерлерди билим берүү тармагына демөөрчү болууга чакырышты (сүрөт)

Turmush -  Лейлек районунун Жаңы-Жер айылындагы №3 эксперименталдык гимназия-мектебинде коомчулуктун билимин, маданиятын жана аң-сезимин өнүктүрүүгө багытталган атайын семинар уюштурулду, деп билдирди аймактык кабарчы.

Семинардын алкагында дин кызматкерлери, мугалимдер жана жетекчилер ишкерлер менен биргеликте аймактагы билим, ыйман жана ишкерлердин билим берүү тармагын колдоо жөнүндө жобосун кабыл алышты. Ошондой эле ишкерлерди билим берүү тармагына демөөрчү болууга чакырышты. Жобонун автору — Гапыр Мадаминов.

Иш-чарага Сүлүктү, Кадамжай жана Лейлек райондорундагы билим берүү кызматкерлери дагы катышкан. Айрым катышуучуларга коомчулуктун аң-сезимин, жаштардын билимин жана алардын тарбиясынын сапатын жакшыртууга кошкон салымы үчүн ыраазычылык каттар тапшырылды.

Мындай иш-чара Баткен облусунун башка райондорунда дагы өткөрүлмөкчү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×