Бөлүмдөр
Жума, 20-сентябрь
Ош облусу, Ош 04.06.2019 16:31 На русском

Видео — Ошто курулуп жаткан 13 кабаттуу үйдү бузууга 1 ай убакыт берилди

Turmush -  Ош шаарындагы А.Масалиев көчөсүндө мыйзамсыз курулуп жаткан көп кабаттуу үйдү бузууга 1 ай убакыт берилди. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын шаар куруу жана муниципалдык менчик бөлүмүнүн башчысы Алтынбек Пирматов билдирди.

Анын айтымында, 13 кабаттуу үйдү мыйзамсыз куруп жаткан «Евростиль» курулуш компаниясынын жетекчилиги жана кызматкерлеринин суранычы менен сүйлөшүүлөр жүргөн. Анын жыйынтыгында курулушту «Евростиль» компаниясынын өкүлдөрү өздөрү бузмай болду.

Ош регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын маалыматына караганда, буга чейин курулуш компанияга аталган жерде үй курууга уруксат берилген эмес. Буга чейин Мамэкотехинспециянын Ош шаары боюнча аймактар аралык башкармалыгы тарабынан жана мэрия тарабынан дагы бир нече ирет курулушту бузуу боюнча эскертүү берилген.

«6 ай мурун келип, курулуш компаниянын жетекчилигине эскертүү бергенбиз. 8 ай мурун жергиликтүү тургундар топтолуп, курулуп жаткан көп кабаттуу үй боюнча облустук сотко кайрылышкан», - деди Ош шаарынын вице-мэри Жасур Азимов.

Turmush басылмасы Ош шаарында А.Масалиев көчөсүндөгү №64 көп кабаттуу үй мэрия тарабынан бузулуп жатканын жазган. Ошондой эле аталган үй курулуп жаткан аймакта тектоникалык жарака бар экени айтылган. Ошондуктан Мамэкотехинспекциянын Ош шаары боюнча аймактар аралык башкармалыгы аталган көп кабаттуу үйдүн ишин Ош шаардык сотуна өткөргөн. Шаардык сот көп кабаттуу үйдү бузуп, жерди мурунку калыбына келтирүү боюнча чечим чыгарган. Шаардык соттун чечимин Ош облустук соту да күчүндө калтырган.

Кийинчерээк аталган көп кабаттуу үйдү куруп жаткан «Евростиль» курулуш компаниясынын юристи Сагынбек Чымынов иш Жогорку сотто каралып жатканын айткан.

Буга чейин мэриядан курулуш компаниясынын электр булагы өчүрүлүп, аларга курулушту токтотуу боюнча эскертүүлөр берилгенин билдиришкен. Бирок жергиликтүү тургундардын айтымында, андан эч кандай майнап чыккан эмес.

«Бул курулуш мыйзамсыз курулуп жатат. Анткени архитектуралык документтери жок. 2018-жылы чогулган материалдарды Ош шаардык сотуна өткөрүп бергенбиз. Шаардык сот курулуш компаниясына 200 миң сом айып салган. Кийинчерээк алар (үйдү куруп жаткан компаниянын өкүлдөрү) облустук сотко кайрылышты. Анда дагы соттун чечими биздин пайдабызга чечилди. Учурда 200 миң сом айып пулду төлөшө элек», - деген Экотехинспекциянын Ош шаардык аймактар аралык башкармалыгынын башчысы Мелис Адиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×