Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-сентябрь
Ош облусуЧоң-Алай району 04.06.2019 13:03 На русском

Турмушка чыгып жаткан сулуу кыздарды тартып алган: Кул датка чебинин тарыхы. Видео

Кул датка чеби, Дароот-Коргон айылы
Кул датка чеби, Дароот-Коргон айылы

Turmush -  Чоң-Алай районундагы дубалын тургузуу үчүн малдын каны, сүтү кошулган Кул датка чебинин 30 пайызы гана сакталып калган. Бул тууралуу Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Таирбек Жайчибеков билдирип, аймактык кабарчыга чептин тарыхы жөнүндө билгендерин айтып берди.

Чоң-Алай районунун Дароот-Коргон айылындагы Кул датка чеби Кыргызстандагы тарыхый жайлардын бири.

«Чеп тууралуу ар кандай божомолдор айтылып келет. Алардын бирине таянсак, бул чеп Кокон хандыгына чейин эле эки кабаттуу болуп курулуп, ортосуна отун сакталган. Кытай, Ооганстан, Тажикстан менен чектешкен аймактарда жер үчүн тынымсыз согуштар болуп тургандыктан, душмандар кол салганда чептин айланасына отундарды күйгүзүп, коргонушкан дешет. Ал эми экинчи божомолго таянсак, чептин айланасына тегерете аң казып, аны Дара жылгасынын суусу менен толтуруп, дарбазаны күндүз көпүрө, түндө дарбаза катары колдонушкан деп айтылат. Тарыхчылар 1864-жылы Кокон хандыгын Кудаяр хан башкарып турганда Кул датка миңдеген аскери менен Чоң-Алайга жортуул жасап, анан чепти курдурган дешет. Кул датка — Кокон хандыгы тарабынан дайындалган тажик улутундагы кол башчы болгон. Чепти административдик борбор катары пайдаланып, жергиликтүү элден салык чогултуп турган. Чепти курууда элдин малын тартып алып, сойдуруп, алардын канын, эчкинин жүнүн, төөнүн сүтүн ылайга кошуп, дубалдарын тургузган дешет. Бирок мындай чоң чепке сүт жеткирүү мүмкүн эмес болуш керек. Ошондуктан күрөктү сүткө малып, анан аны менен ылай алышкан деген божомол чындыкка жакыныраак», - дейт Таирбек Жайчыбеков.

Кул датка чебинин туурасы 50 метр, узундугу 80 метрди түзөт. Дубалынын калыңдыгы 1 метр 20 сантиметр, бийиктиги 5-6 метр. Төрт бурчунда кароолчулардын жайы бар. Т.Жайчыбековдун айтымында, бир кезде малканага айланып калган чеп 2012-жылы оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн.

«Нүзүп бий Кашкарды, Жерге-Талды каратып алганда бул чептин ролу чоң болгон. Ал эми Кул датка ырайымсыз бийлик жүргүзүп, сулуу кыздарды турмушка чыгып жаткан жеринен алдырып алган дешет. Салыкты ашыгы менен чогултуп, элдин арасында нааразычылыктар күчөгөндө Артык бий жана Кайып бий түн жамынып сепилди басып алышкан», - деп кошумчалады Т.Жайчыбеков.

Анын айтымында, учурда сепилди эски доорду чагылдырган музейге айлантуу пландалууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×