Бөлүмдөр
Жума, 20-сентябрь
Баткен облусуКадамжай району 31.05.2019 18:01

Кадамжайда «Ачуу тамекини таттууга алмаштырасызбы?» акциясы өттү

Turmush -  Бүгүн, 31-майда Кадамжай шаарында «Ачуу тамекини таттууга алмаштырасызбы?» деген аталыштагы акция өттү. Бул тууралуу Кадамжай райондук үй-бүлөлүк медициналык борборунан билдиришти.

Маалыматка караганда, медицина кызматкерлери райондук жана шаардык мекемелерди, көчөлөрдү кыдырып, жолуккан адамдарга тамекинин жана насыбайдын зыяндуулугун түшүндүрүштү. Аларга буклеттерди, таттууларды берип, тамеки чекпөөнү сунушташты. Тамекинин зыяндуулугунан жапа чеккендер тууралуу «Тамекиби же ден соолукпу?» аттуу тасманын дисктери таратылды.

Акцияга жалпы 100дөн ашуун адам катышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×