Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Ош облусу, Ош 30.05.2019 18:51 На русском

«Классташтарымды колдошум керек»: Ошто каза болгон өспүрүмдүн атасы менен болгон акыркы маеги. Видео

Ош облустар аралык балдардын клиникалык ооруканасы
Ош облустар аралык балдардын клиникалык ооруканасы

Turmush -  Ош шаарында каза болгон 8-класстын окуучусуна медреседе окуган өзүнөн бир жаш улуу бала бычак сайган, деп билдирди аймактык кабарчы.

Бүгүн, 30-май күнү Ош облустар аралык балдардын клиникалык ооруканасында 2004-жылы туулган өспүрүм көз жумган. Ал Туран кичи районундагы Кыргызстандын 40 жылдыгы орто мектебинин 8-классынын окуучусу А.С. экени аныкталган.

Окуя А.С. окуган мектептин алдында болгон. Кыргызстандын 40 жылдыгы мектебинин директору Татьяна Хореванын айтымында, А.С. сабактарды жакшы окугандыктан бардык сынактардан бошотулган. Бирок А.С. «бүгүн менин классташтарым экзамен тапшырышат. Мен аларга колдоо көрсөтүшүм керек» деп атасынан суранып, мектепке келген.

«Окуя мектептин дарбазасынын сыртынан, жакын жерде катталды. Ал мектептин ичине киргенге дагы жетишпей калыптыр. Бычак сайган балдар биздин мектепте окушпайт. Азырынча ал балдар тууралуу маалыматым жок. Алар кандай максатта, эмне үчүн мындай кылгандарын түшүнбөй жатам. Буга чейин ал окуучумдун (каза болгон А.С.) бирөө менен урушканын уккан эмесмин. Өтө жөнөкөй, оор басырыктуу бала болчу. Спорттун бокс түрү менен машыгып, мектептин сыймыгы болчу. Ал бардык сабактарды “5” деген баага окугандыктан сынактардан бошотконбуз. Азыр эле атасы менен сүйлөштүм. Атасынын айтымында, ал “сен экзамендерден бошотулбадың беле, барбай эле койбойсуңбу” десе, уулу "классташтарыма колдоо көрсөтүшүм керек» деп мектепке келиптир», - деди Татьяна Хорева.

Каза болгон өспүрүм окуган мектептин күзөтчүсүнүн айтымында, А.С. ичин кармап, мектептин короосуна араң кирип, отуруп калган.

«Ал ичин кармап, дарбазадан араң кирип келди. Чуркап барып "эмне болду?" десем, “бычак менен сайып кетишти” деди. Дарбазадан чуркап чыксам, үч бала качып жөнөдү. Ошол учурда мектептин алдына бир унаа келип токтоп калды. Алар баланын жарадар болгонун көрүп, дароо унаасына салып кетишти. Тез жардам кызматына алып барышыптыр. Андан ары ооруканага алып барышкан окшойт. Дарбазанын сыртында видеокамералар жок. Мектептин короосунун ичин гана көрүүгө болот. Буга чейин биздин мектепте мындай окуя катталган эмес», - деди күзөтчү.

Бычактан жаракат алган А.С. Ош облустар аралык балдардын клиникалык ооруканасына жеткирилген. Ооруканын жетекчиси Кыялбек Ташболотовдун айтымында, сайылган бычак узун болуп, каза болгон окуучунун бөйрөгүнө чейин кирип кеткен.

«Баланы сактап калуу үчүн колдон келген медициналык жардамды көрсөттүк. Тилекке каршы сактап кала албадык. 15 жаштагы окуучу экен. Бизге саат 10:35те келди. Ошол эле заматта операция бөлүмүнө алып жөнөдүк. Бычак аябай терең кирген экен. Ал сол кабыргасынын астынан кирип, бөйрөгүнө чейин жеткен. Кан көп жоготуптур. Операция бөлүмүнө жеткиргенче кан басымы нөлгө чейин түшүп кетти», - деди Кыялбек Ташболотов.

Буга чейин Turmush басылмасы кылмышка шектүү катары каза болгон баладан 1 жаш улуу Д.у.Н. кармалганын жазган.

Ош ШИИБдин маалыматына караганда, шектүү медреседе билим алат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×