Бөлүмдөр
Жума, 20-сентябрь
Нарын облусуНарын району 30.05.2019 17:31

Нарын облусунда ​ ВИЧ-инфекциясын алып жүрүүчүлөрдүн саны 173 адамга жеткен

Turmush -  Нарын облустук СПИДге каршы күрөшүү жана алдын алуу борбору тарабынан Нарын районунда ВИЧ/СПИД оорусун алдын алууда калк арасында аткарылып жаткан иштерди талкуулоо боюнча айыл өкмөттөрүнүн башчылары жана мекеме жетекчилеринин катышуусунда ​ тегерек стол болуп өттү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Анда ВИЧ/СПИД оорусунун ​ облус боюнча кырдаалы тууралуу маалымат берилип, айыл жергесинде дагы дале болсо ВИЧ-инфекциясын алдын алууда маалымат жетпей жаткандыгы айтылды. Калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө медицина кызматкерлери айылдык ден соолук комитеттери жана башка мекемелер менен биргеликте ​ иш алып баруусу тапшырылды.

Бугүнкү күндө облуста ​ ВИЧ-инфекциясын алып жүрүүчүлөрдүн саны — 173. Анын ичинен быйылкы жылдын 5 айында жаңы катталгандардын саны 5 учурду түзүп, былтыркы жылга салыштырмалуу 1 учурга көбөйдү. ​Нарын районунда — 3, Кочкор районунда — 1, Нарын шаарында — 1.

173 учурдун 114ү эркектер, 59у аялдар. ВИЧ-инфекциясын жуктуруп алгандардын 66 пайызы жыныстык жол аркылуу ооруга туш болушкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×