Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Баткен облусуКадамжай району 29.05.2019 08:05 На русском

Чандеки айылынын эли той-аштарды көзөмөлдөгөн топ түздү. Эми ашыкча чыгымга жол берилбейт

Село Чандеки Кадамжайского района
Село Чандеки Кадамжайского района
// Turmush

Turmush -  Кадамжай районунун Көтөрмө айыл өкмөтүнө караштуу Чандеки айылында той-аштардагы ашыкча чыгашалар кыскартылды. Бул тууралуу айылдык кеңештин депутаты Шермат Конокбаев билдирди.

Анын айтымында, буга чейин айылдык кеңештин депутаттары бир нече жолу той-аштардагы ашыкча чыгымдарды кыскартуу маселесин көтөрүп чыгышкан. Кийин Чандеки айылында кыз узатуу тоюн өткөргөн тургун той оңой жана үнөмдүү өткөнүн айтып, ыраазы болгон.

Чандеки айылынын башчысы Мурза Жумаматов той ээсине баштык, кездеме, кийиттин ордуна акча гана берип, тойго убагында бармай болушканын билдирди.

«Той-аштарды атайын топ көзөмөлдөп турат. Аялдар жамаатын Макбурат Шамшиева жана Калыс Шадманова караса, мырзаларды Данияр Шадманов жана Акжол Азимбаев тейлейт. Алар жергиликтүү тургундар тарабынан шайланышты. Азырынча Көтөрмө айыл өкмөтүнөн келген конокторду гана жаңы эрежелер менен тосуп алып, башка шаар, айыл өкмөттөрдөн келген конокторду мурдагыдай эле коноктомой болдук», - деди М.Жумаматов.

Айыл эли кабыл алган эрежелерге ылайык, аш, сүннөт той өткөргөндөр коноктордун санын кыскартышат. Тактап айтканда, коноктордун саны 3 үйгө гана баткыдай болушу керек. Бул эреже жаңы курулган үйүнө той бергендерге да тиешелүү. Андан тышкары 2 жаштан өтпөгөн бодо мал союлуп, кыз узатуу жана үйлөнүү үлпөт тойлордо кудалардын бири-биринин үйүнө барып, сый көрсөткөнү да токтотулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×