Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-сентябрь
Нарын облусуАт-Башы району 27.05.2019 23:20

Компьютердик синдромго кабылган жаштар көп кайрылууда, - ат-башылык көз дарыгер

Turmush -  Ат-Башы райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун көз дарыгери Гүлмайрам Молдоянова азыркы кезде уюлдук телефон, компьютерди көп караган жаштар тез көз оорусуна чалдыгып жаткандыгын аймактык кабарчыга билдирди.

«Уюлдук телефон, компьютер көз ооруларын алып келет. Муну медицинада компьютердик синдром деп коёбуз. Ал синдром көздүн талышына, көздүн көрүүсүнүн начарлашына, көздүн ичиндеги чел кабыкчаларынын бузулушуна алып келет. Анын кесепетинен адамдын башы ооруйт, тез чарчайт, уйкусу бузулат.

Синдромдун алдын алуу үчүн убакыт бөлүп көздү эс алдырып, сыртка чыкканда күндөн сактоочу көз айнектерди тагынуу керек. Акыркы кезде жаштар ушул синдром менен көп келип жатышат», - деди дарыгер.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×