Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-июнь
Ысык-Көл облусу, Каракол 26.05.2019 20:37

Акыркы коңгуроо күнү Ысык-Көлдө ондогон айдоочулар кармалып, унаалары айып аянтына киргизилди

Turmush -  Кечээ, 25-майда бүтүрүүчүлөрдүн 10 жылдык, 20 жылдык жолугушууларына карата Ысык-Көлдө «Акыркы коңгуроо» рейди уюштурулду. Бул тууралуу жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча 50 пост коюлуп, 120дан ашуун кызматкер кызмат өтөштү. Иш-чара учурунда жол эрежесин одоно бузган 170ке жакын айдоочуга протокол түзүлсө, анын ичинен 5 айдоочу мас абалда кармалып, 21 унаа айып жайга токтотулду. Иш-чаранын алкагында айдоочуларга жол эрежелерин так сактоону жана өспүрүм балдарга унаа айдоого уруксат бербөө боюнча түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. Бул иш-чара облуста май айынын акырына чейин улантылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×