Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июнь
Баткен облусуЛейлек району 24.05.2019 12:22

Лейлектеги классташтар шаан-шөкөттүн ордуна башкалар үчүн 1 млн сомго 2 үй куруп жатышат

Turmush -  Лейлек районунун Чымген айылындагы мектепти 20 жыл мурда бүтүргөн классташтар шаан-шөкөттүн ордуна майып адамга үй куруп беришти. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Классташтардын бири Эргеш Айтиевдин айтымында, үй 2-топтогу майыпка салынган. Аталган үйдүн курулушу кышында башталган болчу. Каражат негизинен курулуш материалдарына гана сарпталып, усталар да кайрымдуулук кылышып, эмгек акыны аз алышкан. Үйдүн салтанаттуу ачылышы болуп, ага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү да катышты.

Тилекке каршы аталган үй курулуп бүтө электе классташтардын бири С.Т. каза болгон. Анын артында аялы жана 3 баласы калды. Классташтар анын үй-бүлөсүнө да үй куруп берүүнү туура көрүшкөн. Учурда жер маселеси чечилип, үйдүн курулушу башталганы турат.

Классташтардын саны 35ке жакын. Бул 2 үйдүн курулушуна жалпы 1 млн сом кетет. Классташтардын ичинде курулуштар үчүн 50 миң сомго чейин акча кошкондор да бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×