Бөлүмдөр
Бейшемби, 20-июнь
Чүй облусуЖайыл району 23.05.2019 11:18 На русском

Айыл турмушу: Калия апа бай, бирок башы таз жигитке турмушка чыгып, 8 балалуу болгон

Калия Абдылдаева
Калия Абдылдаева
// Turmush

Turmush -  Калия Абдылдаева Чүй облусунун Жайыл районундагы Моңолдор айылынын 87 жаштагы тургуну. Учурда 8 баланын, 32 неберенин, 50 чөбөрөнүн, 10 кыбыранын куттуу төрүндө. Ал аймактык кабарчыга жашоосу, өз кезегинде ата-энеси балалуу болууну тилеп, ажыга жөө баргандыгы тууралуу айтып берди.

«Атам Абдылда айылдын чоң молдосу болгон. Апам Телегей экөө көп жылдар бою бирге жашап, бирок балалуу болушпаптыр. Ошондон улам балалуу болууну тилеп, экөө ээрчишип, жөө жалаңдап ажыга барышкан экен. Ажылык сапардан келген соң кудай колдоп, жараткан жолдоп, агам Асанбек төрөлөт. Анын артынан 1932-жылы мен жарык дүйнөгө келгем. Жаштыгымда жүрөктө калган жаралуу так түбөлүккө унутулбай, өмүр жолумду жандай, көлөкөдөй ээрчип келет. Ал — ата-энем ажыга барганда бала тилеп, өздөрүнө өмүр тилебегендиги. Тилегин Алла орундатып, балалуу болтуруп, бирок өмүрүн кыска кылып салган тура. Кээде ойлоп кетем. Алардын калган жашын жараткан бизге буйруп койгон окшойт. Мына, 87 жашка чыктым. Али да ал-күчүмдөн тая элекмин. Өзүм эле балдарымдын, неберелеримдин үйүн таап, автобуска түшүп алып кыдырып жүрө берем. Өзгөчө, Беловодск айылында жашаган неберем Нуркыздын үйүнө көп келем. Ал мени чоң эне дейт. Экөөбүз көрүшпөсөк сагыныша түшөбүз. Анткени, 3 айынан өзүм баккам. Агам Асанбек 92 жашында көз жумду. Эстесем ыйлагым келет. Жетимдиктин азабын аябай эле тартканбыз. Бирок жараткан баарын таразалап, теңдеп, жамандыкты амандык, өлүмдү өмүр, күйүттү кубаныч менен басып турат шекилдүү.

Апам Телегей 36 жашында каза тапты. Анда мен 3 жаштан өтүп калгам. Ал күн азыр да көз алдымда. Элдер апамдын сөөгүн мүрзөгө алып жөнөгөндө ботодой боздоп, жарым жолго чейин ээрчип ыйлагам. Ал эми атам 7 жашымда каза болду. Кургак учук оорусу менен ооругандыктан өзүнчө үйдө жатчу. Ал жугуштуу оору болгон соң, башкалардын ага кирүүсүнө тыюу салынган. Ошол үйдө тиги дүйнөгө кете берген. Агам экөөбүз ошол күндөн баштап тоголок жетим калдык. Мен атам менен коштошо албай калганыма ичимден сызып, балдарым, неберелерим жана кыбыраларымдын өмүрүн тилеп жашап келем. Улуу орозо күнүндө күнүгө маркумдарга багыштап куран окуп, жаткан жерлери жайлуу, топурагы торко болуусун Алладан миң ирет тиленем», - деди Калия эне.

Ошентип, жетимдик күндөр, оор турмуш башталат. Асанбекти башка айылда жашаган туугандары алып кетишсе, Калия апа таякелеринин колунда чоңойгон.

«4 чакырым аралыктагы айылдан агам Асанбек жарты нанын койнуна катып, мага келчү. Ачка калбасын деген кыязда тез-тез кабар алчу. Мени өзгөчө жакшы көрчү эле. Өмүрүнүн акыркы жылдарында да: "Кудайдан бир тилегеним — Калиямдан мурда мен тиги дүйнөгө кетейин" дей берчү, жарыктык. Айтканындай болду. Өткөн жылы кош айтышты.

Мен жаш кезимде таякелерим "сени бай, малы көп адамга турмушка берели. Курсагың ток жүрөсүң" деп тамашалашчу. Айтканындай эле болду. Малдуу адамга турмушка чыктым. Өмүрүбүз мал артында жүрүп өттү. Мен жолдошумду бир да жолу көргөн эмесмин. Качан гана келин болуп барганда тааныштым. Башында чачы жок таз адам экен. Тандаган тазга жоолугат болуп отуруп калдым. Бирок өкүнбөйм. Жакшы, үлгүлүү жашадык. 5 уул, 4 кыздуу болдук. Бир уулубуз каза болуп калды. Калганы аман-эсен. Куттуу үй-бүлө күтүшүп, өздөрү азамат уул-кыздардан болуп жетилди. Ушуга шүгүр. Мен алардын төрүндө карылыктын доорун сүрүп келем», - деди 87 жаштагы Калия Абдылдаева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×