Бөлүмдөр
Жума, 20-сентябрь
Ош облусуКара-Суу району 23.05.2019 09:58 На русском

Өзбекстан Кыргызстандын цементине чектөө киргизип, 105 жүк ташуучу унаа чек арадан өтө албай калган. Видео

Turmush -  Ош облусунун Кара-Суу районунда мамлекеттик кыргыз-өзбек чек арасындагы «Достук» өткөрмө бекетинде цемент ташыган 100дөн ашуун жүк ташуучу унаа 11 күндөн бери Өзбекстанга өтө албай турушат. Бул тууралуу айдоочулар аймактык кабарчыга билдиришти.

Алардын айтымында, айдоочулар коңшу өлкөгө өтүп, цементтерин сата албай калгандыктан, күн сайын чыгым тартып жатышат.

«105 жүк ташуучу унаанын айдоочулары күнүнө “Достук” өткөрмө бекетинин унаа токтоочу жайына 100 сомдон, тамак-ашка 300 сомдон төлөп, чыгым болуп, убакыттан уттуруп жатабыз. Мамлекеттик бажы кызматы айдоочуларга Өзбекстандын чектөө коюп жатканы тууралуу аларда маалымат жок экенин жана Кыргызстан жүктү тоскоолдуксуз өткөрүп жатканын билдирген», - дейт айдоочу Улукбек Келдибаев.

Араван районундагы «Синьжи-Пирим» цемент заводунан Өзбекстанга цемент ташыган жеке ишкер Искендер Исаковдун айтымында, Өзбекстан Кыргызстандан цемент ташууга убактылуу чектөө киргизген.

«Өзбекстан цемент ташууга убактылуу чектөө киргизгенин кабарлаган. Бирок чектөөнүн убактысы белгисиз. Учурда Өзбекстанда курулуш иштеринде мүчүлүштүктөр кетип, жумуштар үзгүлтүккө учурагандыктан, атайын териштирүүлөр жүрүп жатат. Анын жыйынтыгын чыгарышса, Кыргызстандан өндүрүлгөн цементтерди чек арадан кайра өткөрө башташат. Учурда 11 күндөн бери чек арадан өтө албай турган айдоочулардын документтерин тактап, чек арадан өткөрүүгө даярдап жатабыз. Эгер Өзбекстан уруксат берсе, 19 жүк ташуучу унаа чек арадан өткөрүлөт», - деди Искендер Исаков.

Кечээ, 22-май күнү КРнын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, Кыргызстандын жана Өзбекстандын профилдик министрликтери жана ведомстволору жүргүзгөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Кыргызстандан Өзбекстанга цемент экспорттоо жандандырылган.

Аталган маселе Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында дагы көтөрүлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×