Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-июнь
Нарын облусуКочкор району 23.05.2019 08:38 На русском

Бал уйкуда жатканда зордукталган келин, туулган күндө кармалган уурулар: Подполковниктин окуялары

Turmush -  Таалайбек Ашымов күч түзүмдөрүндө эмгектенгенине быйыл 30 жыл болду. Ал Кочкор РИИБдин эң улуу жана кадырлуу кызматкери. Милициянын подполковниги менен аймактык кабарчы таанышты.

Таалайбек Ашымов 1969-жылы Жумгал районунун Чаек айылында жарык дүйнөгө келген. Ал аскердик кызматты Германиядан өтөгөн. Аскерден келгенден кийин 20 жашында эле Жумгал РИИБдин нөөмөт бөлүмүндө стажер болгон. 1995-жылдан 2001-жылга чейин ИИМдин милициянын генерал-майору Э.А.Алиев атындагы академиясын сырттан окуп бүтүргөн. Учурда Кочкор РИИБдин нөөмөт бөлүмүнүн ага тескөөчү нөөмөткери болуп эмгектенүүдө.

«21 жашымда жумушка толук кириштим. 7 жыл аралыгында нөөмөт бөлүмүндө ар тармакта иштедим. Улам жумуштан жогорулап, Нарын облусундагы болгон райондордо кылмыш иликтөө бөлүмдөрүндө иш алып бардым. Ар бир районду эстегенде жакшы жактары көз алдыма келет. Ат-Башы районунда иштеп жүргөн учурда 3 кызым бар болчу. Жубайым Гүлзат экөөбүз төртүнчү наристебизди күтүп жатканбыз. Бир күнү УЗИ аппаратына бардык. Дарыгерлер эркек бала экен, уул төрөйт дешти. Мен да бардык аталардай эле сүйүнүп, жубайым эркек төрөсө, сүйүнчүнү биринчи айтканга 100 доллар берем деп кетип калдым. Кийин келинчегим төртүнчү кызыбызды жарык дүйнөгө алып келди. Баякы дарыгерлерден сурасам, алар мени стресс болуп, анын кесепети аялына тийбесин дешиптир. Азыр ушул окуяны ат-башылык тааныштарым да эске салып калышат. Ал эми Кочкор районуна кызмат аркылуу которулуп келгенде уулдуу болгом», - деди ал.

Таалайбек Ашымов милицияда иштөө тактыкты талап кылат дейт. Мындан улам анын үй-бүлөсү да тактыкка көнгөн. Жумгал районунда тергөөчү болуп иштеп жүргөн учурда Казакстанга чейин узак сапарга барып келген. Ал күндөрүн мындайча эскерет.

«Мен ал кезде Жумгал РИИБде тергөөчү болуп иштеп жүргөм. Районго таанымал эки күлүк жоголгону тууралуу арыз түштү. Аны мал уурулук фактысы катары каттап, бирок кылмыштын бетин ачуу бир топ убакытты алды. Бир күнү Кочкор районуна таанышымды акыркы сапарга узатууга келип калдым. Сөөк коюла турган күн болчу. Айыл эли топтошуп алып, күлүк аттар жөнүндө сүйлөшүп жатканын кулагым чалып калды. Кочкор районунда жашаган жаш бала жайлоодон ат жетелеп кетип бара жаткан бейтааныш адамды көргөнүн айтып жатыптыр. Ал жаш баладан окуя кандай болгонун сурап баштадым. Кечкисин Кочкор районундагы Шамшы тоосунан Токмокту көздөй бир адам эки атты жетелеп өтүп бара жатканын көргөнүн айтты. Бул аттар жөн атка окшошпогонун кошумчалады. Жумгал районунда мал уурулукка шектелип жүргөн адамдын сүрөттөрүн көрсөтүп, сураштырып баштадым. Божомолдор дал келе баштаганда Токмокко өзүм жалгыз барып, ууруну кармап келип, ишин сотко өткөрүп бердим. Тергөө иштерине байланыштуу Казакстан Республикасынын Алмата шаарына чейин барууга туура келди. Күлүк аттарды кайтарып келе алган жокпуз. Кийин күлүк аттарды уурдаган адамды айыл эли көчүрүп жиберишти.

Дагы бир окуя эсиме түштү. Кочкор районунда зордуктоо фактысы катталды. Бир келин үйүндө уктап жатса, түнкү саат 01:00 чамасында бейтааныш адам кирип барып, бычак менен коркутуп, зордуктаган. Чакыруу түшкөндө барып текшердик. Бир да илинчек табылбайт. Жабыркаган аял шок абалда болуп, ким экенин билбей калган. Күйөөсү чет жерге эмгек мигранты болуп кеткен экен.

Шектүү катары кошуналарын суракка алдык. Жабырлануучунун үйүнүн алдынан бут кийимдин изин көрүп калгам. Ошол изди кошунасынын үйүнөн көрдүм. Аны суракка алсак, мойнуна албайт. Бир айдан кийин мен аталган кошунасынан шектенип алып келип камадым. Ал болсо кылмышын мойнуна албай жатты. 48 сааттын ичинде кылмышын мойнуна алып же эркиндикке чыгышы керек болчу. Эмгек жамаат менден чочулай баштады. Эгер ал кылмышкер болбосо, анда мен соттолуп кетмекмин. Ошентип шектүүдөн биологиялык мазок алып, экспертизага жөнөттүм. Келиндин ич кийими далил катары менде болчу. Шектүү кармалганына 48 саат болоюн деп калганда жыйынтык чыгып, кылмыштын бети ачылды. Кылмышкердин аялы төркүнүнө кеткенде спирт ичимдиктерин ичип алып, кошунасына барган экен. Кийин жабырлануучунун күйөөсү чет жерден келгенде экөө эки ажырым жолго түшүштү», - деди ал.

Таалайбек Ашымов: «Чогуу иштеген кесиптешибиздин жубайынын туулган күнү болуп, конокко бардык. Атамдын унаасын айдап алгам. Коноктон чыккыча саат түнкү экиден өтүп кетиптир. Унаа от албай, конокко барган үйдөн Жумгал чоң суусунун жээгине чейин түртүп бардык. Ошондо суу кечкен аттардын дабыштарын угуп калдым. Ал дабыштар шектүү эле. Анан буктурма уюштуруп, бир нече жолу уурулук менен сот жообуна тартылган шериктерди колго түшүрдүк. Алар 5 жылкыны башка сарайга камап коюп, эң семизин согумга союп алууну көздөп жатышыптыр. Бул уурулардын дагы башка 4 мал уурулук кылмыштарына катышы бар болуп чыкты», - деди ал.

Таалайбек Ашымов «ИИМдин мыкты кызматкери», «Мыкты кылмыш иликтөө кызматкери» наамдары, Коргоо министрлигинин «Каармандык», Россия Федерациясынын «Кылмыш иликтөөнүн 100 жылдыгы» сыйлыгы жана башка төш белгилер, ардак грамоталар менен сыйланган.

Мектеп окуучулары арасында кылмыштуулукту жоюу максатында Кочкор районунда биринчилерден болуп «Милициянын жаш жардамчылары» аталыштагы бурчтарды уюштурган.

Таалайбек Ашымов жубайы Гүлзат экөө 4 кыз, 1 уулду тарбиялап келишет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×