Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-июнь
Ош облусу, Ош 22.05.2019 18:28 На русском

Оштогу сейил бакта крандын көтөргүчү сынып, 2 адам жабыркады. Видео

Оштогу А.Навои атындагы сейил бак
Оштогу А.Навои атындагы сейил бак

Turmush -  Ош шаарындагы А.Навои атындагы сейил бакта крандын көтөргүчү сынып, жерге кулады. Анын кесепетинен 2 адам жабыркады, деп билдирди аймактык кабарчы.

Күбөлөрдүн айтымында, крандын көтөргүчүндө 2 адам болгон. Алар дарактарды бутап жатышкан. Окуя болгон жерге тез жардам кызматы барып, жабыркагандарды ооруканага алып кетишкен.

Крандын көтөргүчүнүн жанынан өтүп бара жаткандар зыян тартышкан эмес. Көтөргүч 3 жаштагы бала өткөндөн кийин сынган.

А.Навои сейил багы мэрия тарабынан «Балдар келечеги» ЖЧКсына 2021-жылга чейин ижарага берилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×