Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-июль
Ош облусу, Ош 22.05.2019 15:50 На русском

Баткендеги прокурордун өлүмү: Соттук отурумда жаңжал чыкты. Видео

Turmush -  Баткен облусунун мурунку прокурору — маркум Анарбай Мамажакыповдун өлүмү боюнча козголгон кылмыш иши бүгүн, 22-май күнү Ош шаардык сотунда каралууда. Отурумдун алдында жаңжал чыкты, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маркум А.Мамажакыповдун жана анын өлүмүнө шектелип, айыпталып жаткан Мелис Калыковдун жакындары жана туугандары бири-бири менен кайым айтышып кетишкен. Андан кийин А.Мамажакыповдун жакындары айыпталуучунун туугандарын сот залынан чыгарууну талап кылышкан. Анын кесепетинен эки тарап бири-бирине кол көтөргөнгө чейин барышты.

Окуя тууралуу:

2018-жылы 17-ноябрь күнү саат 22:10 чамасында Баткен шаарынын Турдумаматов көчөсүнөн «Лексус 470» үлгүсүндөгү унаа табылган. Аны кароо учурунда унаанын капталдарынан кандын тактары табылган.

Баткен ОИИБдин кызматкерлери түнү бою иликтөө иштерин жүргүзүшүп, анын натыйжасында Баткен шаарынын Кызыл-Жол кварталынын батыш тарабындагы участкадан Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун киши колдуу болгон сөөгүн табышкан. Бул жагдай боюнча Кылмыш-жаза кодексинин (эски кодекс) 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүү катары Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы М.Калыков кармалган.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Тема боюнча:

19.11.2018Кесиптештери, кылмышка шектелген адам менен жайлоодо эс алышкан: Баткендеги прокурордун өлүмү боюнча жаңы фактылар аныкталды (видео)
21.11.2018Анын адам өлтүргөнүнө ишенбейбиз: Баткенде прокурордун өлүмүнө шектелип камалган жетекчи жөнүндө эмне айтышты? (видео)
24.11.2018Баткендеги прокурордун өлүмү: Кылмышка шектелген адамга кыйноо болгон жок, ал жаракаттарды мурда эле алган, - ИИМ
24.11.2018Баткендеги прокурордун өлүмү: Кылмышка шектелген адам аны атып өлтүрүп, андан кийин денесин өрттөгөн, - ИИМ
26.11.2018Баткендеги прокурордун өлүмүнө шектүүнүн арызы Башкы прокуратурага жөнөтүлдү, - Кыйноолорду алдын алуу борбору
30.01.2019«Бешөөбүз болчубуз, жалгыз Калыков жооп бериш керекпи?»: Прокурордун өлүмүнө шектелген М.Калыков сот залынан кайрылуу жасады. Видео
30.01.2019Мамажакыпов менен коррупцияны жоюу боюнча сүйлөшүп, ушундай абалга түшүп отурам: Прокурордун өлүмүнө шектелген М.Калыковдун соттогу сөзү
19.04.2019Баткендеги прокурордун өлүмү: Экспертизанын жыйынтыктарында күмөндүү жагдайлар бар, - шектүүнүн жактоочулары
07.05.2019Баткендеги прокурордун өлүмү: Маркум менен шектүүнүн жакындары кайым айтышты. Видео
21.05.2019Баткендеги прокурордун өлүмү: Тергөө иштериндеги мыйзам бузуулар жөнүндө арыз райондук сотто каралды
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×