Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-июнь
Ош облусуЧоң-Алай району 22.05.2019 18:09 На русском

«Доллар» менен 2,5 метрлик роза өстүргөн Тансык апа алыска конокко бара албайт. Видео

Тансык Көчкөнбаева
Тансык Көчкөнбаева

Turmush -  Чоң-Алай районунун Дароот-Коргон айылынын 60 жаштагы тургуну Тансык Көчкөнбаева 40 жылдан бери гүлдөрдүн түрүн өстүрүп келет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Тансык апанын үйүндө гүлдүн 30дан ашык түрү өсөт. Алардын арасында 1 метрден 3 метр бийиктикке чейин өскөн гүлдөр бар.

«Окуучулук кезимден эле гүл өстүрүп келем. Гүлдү жакшы көргөндүктөн алыс жерлерге конокко бара албайм. Анткени үйдө "гүлдөр эмне болду экен..." деп тынчсыздана берем. Кайда барбайын ошол жерде өскөн гүлдөрдү карайм. Эгер мен барган үйдө гүл жок болсо, тынч отура албайм. Кимге эмне жакын болсо, барган жеринде ошого көңүлү бурулат экен. Учурда үйүмдүн ар бир бөлмөсүндө гүлдөр бар. Эгер үйгө конок келип калса, кызыккандар үчүн гүлдөрүмдүн көчөттөрүн берип, гүл өстүрүүнүн сырларын жана кеңешимди айтам. Анткени “өзүңө каалаган нерсени башкага да каала” деп айтылат эмеспи. Келечекте гүлдөрдүн түрүн өстүрүп, үйдүн бир бурчун гүлзар кылсам деген ойлорум бар», - дейт Тансык апа.

Анын айтымында, гүл адамды жашартып, кайгы-муңдан арылтып, жакшы маанай тартуулайт. Алардын гүлдөп, өсүшү адамдын ага кылган мамилесинен көз каранды.

«Гүл назик болот. Гүлдөрдүн ичинде сууну көп же аз талап кылганы бар. “Эне жүрөгү”, ”Доллар” (долларовое дерево) деген гүлдөрүм сууну көп талап кыла бербейт. Эң негизгиси аларга кам көрүүнүн ыкмасын билиш керек. Антпесе гүл куурап калышы мүмкүн. Мен базардан сатып алган гүлдөрдү жакшы өстүрсөм, айрымдар кууратып алышат. Бир жолу базардан гүл сатып келип, аны челектин ичиндеги топуракка сайып койсом гүлдөбөйт же куурабайт. Көрсө ал жасалма гүл экен. Көбүнчө жергиликтүү гүлдөрдү өстүрөм. Анткени алар жашаган жерибиздин климатына ыңгайлашкан», - дейт Т.Көчкөнбаева.

Тансык апанын үйүндө 10 жылдан бери өсүп келе жаткан алоэ жана кактус гүлдөрү бар. Башка гүлдөрү 5-6 жылдык. Алоэ менен кактус гүлүнүн бийиктиги 1,5 метр. Кытай розасы гүлүнүн бийиктиги 2,5 метр болот.

«Кичинекей гүл өстүрсөм кыжаалат болуп кетем», - дейт Тансык апа.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×