Бөлүмдөр
Жума, 19-июль
Нарын облусуАт-Башы району 22.05.2019 12:51 На русском

200 000 сомдук карыз үчүн өз өмүрүн кыйган ак халатчан: Мугалим Г.Чекированы өкүндүргөн окуя

Turmush -  Ат-Башы районунун Ат-Башы айылынын тургуну Гүлипа Чекирова мугалим болуу менен гана чектелбестен, насыя алуучулардын укуктарын коргоп келет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Гүлипа Чекирова 1965-жылы Казыбек айылында төрөлгөн. И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетин 1987-жылы бүткөн. Учурда Ат-Башы айылындагы Абдыраалы Керимбаев атындагы орто мектебинде балдарга англис тилинен сабак берет.

Ал жалпы 30 жылдан бери мугалимдик кесипти үзүрлүү аркалап, «Эл агартуунун отличниги» наамын алган.

«Мени Кыргызстандагы насыя алуучулардын укугун коргоо элдик кыймылынын Ат-Башы району боюнча төрайымы кылып шайлашкан. Буга чейин 60ка чукул адамга жардам бердик. Сүткорлор пайыздарын аябай жогору кылып насыя берип жатышат. Бул элдин жашоосуна терс таасирин тийгизип, тургундарды жакырчылыка ого бетер матырат. Алар мамлекетке эч кандай салык төлөбөйт. Каалаган пайыз менен беришет. Банктан насыя алганда дагы жардам беребиз. Мыйзам чегинде пролонгация кылып (насыяны төлөө мөөнөтүн узартуу) бере алабыз», - деди ал.

Гүлипа Чекирова пайызга акча алып, аны убагында төлөй албай өмүрүнө кол салган медайымдын окуясын айтып берди.

«2015-жылы Ак-Жар айылынан бир эже кайрылды. Ал эже бир банктан 150 миң сом насыя алыптыр. Россиядагы баласы кырсыктап, атасы да ооруп, айтор жашоосу оорлошуптур. Мындан улам бул эже банктан сырткары сүткордон 2 жолу акча алыптыр. Ал акчанын, тактап айтканда 20 миң сомунун пайызы 15 миң сомго көбөйүп кетиптир. Эмне кыларын билбей, бир шырдагын 20 миң сомго баалап, пайызы үчүн бериптир. Бирок сүткор дагы 15 миң сом бересиңер деп коркуткан экен. Биз эженин укугун коргоп, 15 миң сомду төлөтпөөгө аракет жасадык. Өзүмдүн карызымдан кутулгандай болуп ыраазы болуп калдым.

Андан мурун дагы бир эже пайызга акча алып, карызы көбөйүп кеткен экен. Ошондо карызын төлөй албай, өз өмүрүнө кол салып каза болгон. Карызы болжол менен 200 миң сом экен. Андан мурун да пайызга акча алып, бир топ каражат төгүп келиптир. Ал кезде Кыргызстандагы насыя алуучулардын укугун коргоо элдик кыймылы түзүлө элек болчу. Ошондо жардам бере албай калганыбызга аябай өкүнөм. Балким ушул кыймыл болуп калса, аман калат беле. Артында 3 баласы калыптыр. Өзү медайым болчу. Бул пайыз берүү мыйзамсыз болгондуктан, карызын кийин эч ким төлөгөн жок», - деди ал.

Мугалим 2015-жылдан баштап «Элет көйгөйү» коомдук бирикмесинде иштейт.

«Бардык райондордо кураторлор бар. Бир сом албай, бекер иштейбиз. Көп адамдар укуктарын билбей кыйналышат. Мындан тышкары аялдар кеңешинде иштейм. Үйдө небере багам, гүл өстүрөм», - деди ал.

Анын 1 уул, 2 кызы, 4 небереси бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×