Бөлүмдөр
Жекшемби, 15-сентябрь
Ош облусу, Ош 22.05.2019 10:58

Ошто оозу менен дем алган 5 жаштагы кызга операция жасалды (сүрөт)

5 жаштагы кызды кароо учурунда
5 жаштагы кызды кароо учурунда

Turmush -  Ош облустар аралык балдардын клиникалык ооруканасында наристелердин арасында сейрек кездешүүчү мурундун тубаса кемтик оорусуна (атрезия хоан) кабылган кызга операция жасалды. Бул тууралуу аталган оорукананын башчысы Кыял Ташполотов билдирди.

Маалыматка караганда, жаңы төрөлгөн ымыркайлардын мурун көңдөйүнүн дем алуу жолу (мурундун тамакка кошулган жери) тубаса бир же эки жактуу жабык болушу мүмкүн. Мындай тубаса кемтик 5-7 миң ымыркайдын ичинен бирөөндө болушу ыктымал. Мурундун дем алуу жолун булчуң эт, кемирчек же сөөк тосуп калат. Ошондуктан наристе мурун аркылуу дем алуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырап, бир эле мезгилде эмчек эмип, дем алып жана сүттү жута албай да калат.

Бул дарт операция жолу менен гана жоюлат. Операция бала төрөлгөндөн кийин тез аранын ичинде же болбосо белгилүү бир себептер менен кичине чоңойгондо жасалат.

Операция жасалган кыз — Кара-Суу районунун 5 жаштагы тургуну тубаса кемтик оорусу менен төрөлгөн. Ал 5 жыл оозу менен гана дем алып келгенин Ош облустар аралык балдардын клиникалык ооруканасынын мурун, кулак жана тамак бөлүмүнүн башчысы Жангара Абдихаликов билдирди.

«5 жаштагы кыз Бишкек шаарындагы Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда дарыгерлерге көрүнгөн. Ушул жылдын 10-май күнү Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасына жаткырылып, операция жолу менен мурун көңдөйүнүн дем алуу жолу кайрадан калыбына келтирилген. Учурда кыздын абалы жакшы. Мурун аркылуу дем алуусу канааттандырарлык. Соңку 5 жылда ушундай сейрек кездешүүчү ооруга 7 жолу операция жасалды. Мындай операция ымыркай төрөлгөндө эле жасалышы керек», - деди дарыгер Ж.Абдихаликов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×