Бөлүмдөр
Бейшемби, 12-декабрь
Чүй облусуМосква району 21.05.2019 16:29 На русском

Жакшылыгына жетпей окко учкан спецназ Мирдиндин акыркы көз ирмемдери

Turmush -  Өткөн жумада Кыргызстандын бардык райондорунда кызмат учурунда каза болгон ИИМдин кызматкерлери эскерилип, алардын арбагына багышталып куран окутулду. Эскерүү иш-чарасына катышкандар каза болгондордун эрдиктерин баса белгилеп, өмүр таржымалына токтолушту. Turmush басылмасы каза болгон милиция кызматкерлери тууралуу баяндарды жарыялоону улантат.

Бул жолу Ички иштер министрлигинин «Шумкар» атайын багыттагы полкунун кинология борборунун кинолог-милиционери, милициянын улук сержанты Мирдин Түгөлбаев жөнүндө сөз болмокчу.

Ал 2000-жылы 11-сентябрда Чаткал районунун Ак-Сай айылында куралдуу каракчылар менен 6 саатка созулган салгылашууда 24 жаш курагында баатырларча курман болгон.

Акыркы кучакташуу же түбөлүк коштошуу

Мирдин Түгөлбаев 1976-жылдын 4-январында Чүй облусунун Москва районунун Предтеченко айылында төрөлүп, орто мектепти ушул эле айылдан бүтүргөн. Окууну аяктагандан кийин ИИМдин ички аскер бөлүгүндө аскердик милдетин өтөгөн. Аталган жер Мирдиндин келечектеги кесибин тандоого түрткү болгон. Аскерден келгенден кийин өзү туулуп өскөн айылда, милициянын күзөт бөлүмүндө кызмат өтөп, андан көп өтпөй эле Бишкек шаарындагы кинология борборуна кинолог-милиционер болуп жумушка орношот.

Ошол кайгылуу күнгө аз калганда Мирдин энесине жолугуп, башын жөлөп эркелейт. «Апа, мен Чаткал районуна кызматтык сапарга барып келип, андан кийин үйлөнөм» деп апасын кучактай бетинен өпкөн экен. Эне жүрөгү сездиби же баласын жанынан алыс чыгаргысы келбедиби, айтор Мирдиндин кызматтык сапарына каршы болуп: «балам, барбай эле койчу» деп суранган экен. Анда Мирдин жөн гана жылмаюу менен «апаке мен барбасам, башка барбаса, биздин эл-жерибизди душмандардан ким коргойт?» деп апасын кучактап, эненин жаш толгон көздөрүн жалдырата каратып жөнөп кеткен. Ал убакта эне-бала мындан кийин бири-бирин көрбөй турганын, бул кучакташуу түбөлүк коштошуу экенин туйбаса керек.

Баатырдын артында өлбөс ат калды

Мирдиндин кесиптештери аны жөнөкөй, жоопкерчиликтүү жана кызматтык милдеттерин ар качан так, туура аткарган кызматкер катары баалашат. Алар жылына 2 ирет Мирдиндин туулуп-өскөн айылына, окуган мектебине барып эскерип турушат.

ИИМдин жарлыгы менен 15-май — Кызмат учурунда каза болгон милиция кызматкерлерди эскерүү күнү деп жарыяланган. 19-май күнү «Шумкар» атайын багыттагы полкунун кинология борборунун кызматкерлери Мирдиндин айылына барып, анын арбагына багыштап куран окушту.

2001-жылдын 31-январында Беловодск айылына караштуу Предтеченко орто мектебине Мирдин Түгөлбаевдин ысымы берилип, ошол эле мектепте Мирдиндин жаркын элесине арналган музей дагы ачылган. Андан кийин өзү жашаган көчөгө да ысымы берилген. Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын президентинин буйругу менен милициянын улук сержанты Мирдин Түгөлбаев көзү өткөндөн кийин «Эрдик» медалы менен сыйланган.

Окуя тууралуу

ИИМдин берген маалыматына караганда, 2000-жылы август айларында Өзбекстан Республикасында түзүлгөн кырдаалга байланыштуу эл аралык террористтер Кыргызстандын түштүк аймагына жашыруун кирип келе баштаганы айтылып, тезинен чара колдонуу маселеси көтөрүлгөн.

Ошол мезгилде 7704-аскер бөлүгүнүн саркери, полковник Н.Күлжаев аскер кызматкерлеринен түзүлгөн күжүрмөн отрядын Чаткал районунун кооптуу деп эсептелген жерлерине, куралчан эл аралык террористтердин жолуна бөгөт коюу максатында чеп күзөттөргө бөлүштүргөн. Алар кырдаалды көзөмөлдөп турушкан.

Ак-Таш айылында жайгашкан 7704-аскер бөлүгүнүн штабына эртең мененки саат 07:00дө бир кырдан кийин жайгашкан короодон чабан келип, короосунда куралчан 7 террорист жүргөндүгү боюнча кабар берет. Ошол учурда капитан Ч.Мамбетов террористтерди жок кылуу боюнча тактикалык планды кыска мөөнөттө түзүп, багыт берет. Командир «ок чыгаргыла» дегенде гана душмандарды көздөй ок атылып баштайт.

Кирип келген 3 террорист биринчи ок атылганда эле каза болгон. Калгандары капталдап, тоону көздөй бет алышканда ички аскер бөлүмүнүн атайын түзүлгөн күжүрмөн тобу жардамга келип, төрт душманды жок кылышкан. 11-сентябрда эртең менен башталган салгылашуу саат 16:00гө чейин уланган. Ошол учурда Мирдин Түгөлбаев каза болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×