Бөлүмдөр
Бейшемби, 20-июнь
Талас облусуБакай-Ата району 20.05.2019 10:11 На русском

Жеңеке: Германиялык Анита Хергерт кыргыз жигитине турмушка чыгып, айылда жашап жатат (сүрөт)

Turmush -  Германиялык 19 жаштагы Анита Хергерт Бакай-Ата районунун Түйтө айылына келин болуп келди. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы жаш жеңеке менен таанышты.

Анын айтымында, 29 жаштагы жолдошу Эмир Сүйүтбеков экөө 2016-жылы таанышып, 2017-жылы баш кошушкан.

«Мен Германиянын Падерборн шаарынан болом. Үй-бүлөдө атам, апам, мен жана агам бар. Мен жалгыз кызмын. Жолдошум менен 2016-жылы таанышканбыз. Ата-энем, курбу кызым менен Кыргызстанга эс алууга келгенбиз. Анан тоодо эс алуу үчүн Бакай-Атага келдик. Бул жакта 3 күн жүргөнбүз. Жолдошумдун үй-бүлөсү бизди тоодо коноктоп, Эмир болсо жол көрсөтүп жүрдү. Аны бир көргөндө эле жактырып калгам. Телефон номурларыбызды алышып, WhatsApp аркылуу сүйлөшүп калдык.

Биздин үй-бүлө орус тилин билчүбүз. Кыргызстанга барганда кыйналбайын деп атайын орус тил боюнча ийримдерге барып, тилди тереңирээк өздөштүрүүгө аракет кылдым.

Экөөбүз үйлөнөрдө мен таежеме эле айтып, билет алып Кыргызстанга учуп келгем. Ата-энем уккан соң аркамдан учуп келишкен эле. Жолдошум аэропорттон тосуп алып, үйүнө келдик. Жоолук салынып, көшөгөдө отурдум. Айылда той беришти, нике кыйылып, мен ислам динин кабыл алдым. Ата-энем аябай каршы болушкан. Бирок убакыт өткөн соң күйөө баласын кабыл алышты. Мен өзүмдү бул жактан абдан бактылуу сезем. Бул жакта көп конокту тосконду үйрөнүп калдым. Кыргызча бир нече сөздөрдү үйрөнүп калдым», - деди ал.

Кайын энеси Орозова Токтобү апанын айтымында, келини жакында эле Роза аттуу неберелүү кылды.

«Биринчи кудаларыбыз эс алып келишкен. Алар менен кошо чачы узун 2 кыз келген. Биздин балдар ошол жакта эс алдырып жүрүшкөн. Экөө бири-бирин жактырып калышыптыр, биз сезимдерине каршы чыккан жокпуз. Жолдошумдун достору Германияда болгондуктан, биз барып келгенбиз. Кичинебизде айылда дагы немистер жашачу. Алардын салт-санаасы бизге тааныш эле. Кыргыздын салты менен никесин кыйып, той кылдык. Кудаларыбыз 3 жолу келишти. Ал эми балдарыбыз Германияга 2 жолу барып келишти. Жакында эле небере кызыбызды ошол жактан төрөп келди. Эки жакка тең айтканга оңой болсун деп Роза деген ысым койдук.

Келиним башында келгенде 2 адамга гана ылайыктап тамак жасачу эле. Азыр үйрөнүп, 8 кишиге ылайыктап тамак жасап калды (күлүп). Конок келсе «жакшы барыңыз» деп узатканды үйрөндү. Кечээ жакында Рамазан айы деп атайын пирог жасап, балам экөө мечитке ооз ачууга алып барып бериптир. Өзү сыртта туруп, балам алып кирип берди деп айтып келишсе сүйүндүм. Кайрымдуулукту жакшы билгени сүйүндүрөт», - деди ал.

Жолдошу Эмир мырза жубайы башында бир топ кыйналгандыгын белгиледи.

«Биз экөөбүз 2017-жылдын 30-ноябрында үйлөндүк. Биринчи көргөндө эле жактыруу болгон. Сүйлөшүп жүргөндө дагы мен биринчи сезимдеримди билдиргем. Ата-энеме айтсам каршы болушкан жок. Буйрук экен баш кошуп калдык. Жаңы келгенде өзү абдан кыйналды. Биздин күнүмдүк тамакка көнө албай, кыргызча түшүнбөй жатты. Азыр көнүп, апам менен бирге иш кылып калды», - деди ал.

Turmush басылмасы буга чейин да немис кызы Наталья Шиц ислам динин кабыл алып, кыргыз элине келин болгондугун жазган болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×