Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-июнь
Нарын облусуАк-Талаа району 19.05.2019 21:38

Ак-Талаада аз камсыз болгон 70 үй-бүлөгө азык-түлүк алууга купон тапшырылды

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунда аз камсыз болгон 70 үй-бүлөгө азык-түлүк алууга купон берилди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, бүгүн, 19-майда эл аралык Кызыл ай коому тарабынан аз камсыз болгон, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген, социалдык жардамга муктаж 70 үй-бүлөнүн ар бирине 1400 сомдук азык-түлүктүн купону берилди. Иш-чарага акимдин орун басары Кенжегүл Карагулова, аталган коомдун өкүлдөрү, райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын кызматкерлери жана жардамга муктаж үй-бүлө мүчөлөрү катышты.

Жардам берүү иш-чарасынын жүрүшүндө келген өкүлдөр азык-түлүктөрдү купон аркылуу алуунун жол-жоболору туурасында түшүндүрүп беришти.

“Түрк Кызыл ай жана кыргыз улуттук Кызыл ай коому менен биргеликте Ак-Талаа районундагы жардамга муктаж 70 үй-бүлөгө 1400 сомдук купондорду тапшырдык. Атайын тендер жарыяланып, тендерде утуп алган жергиликтүү соода түйүнүнөн купон алган үй-бүлөлөр спирт ичимдиктеринен жана чылымдан башка азык-түлүктөрдү ала алышат. Ал эми жардамга муктаж үй-бүлөлөрдү райадминистрация жана райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгы тактап, аныктап беришкен.

Долбоордун максаты - Улуу рамазан айында аз болсо дагы жакыр үй-бүлөлөргө жардам берүү болуп саналат”, - деди аталган коомдун өкүлү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×