Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Ош облусуКара-Суу району 17.05.2019 17:11

«Жумушуңду билгенде турмушка чыкмак эмесмин»: Унаа издеп, 4 облусту кыдырган жол тескөөчүнүн жубайы

Turmush -  Кара-Суу районунун тургуну Сталбек Макамбаев 2007-жылдан бери жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүндө эмгектенип келет. Учурда Кара-Суу РИИБде аталган бөлүмдүн тескөөчүсү.

Сталбек мырза аймактык кабарчыга жумуш учурунда башынан өткөргөн кызыктуу жана жүрөк өйүткөн окуяларын аймактык кабарчыга айтып берди. Өзүнүн айтымында, ал 2003-жылы Кыргыз-Өзбек унверситетин артыкчылык диплом менен аяктаган.

«Мен бул тармакта (жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматы) иштегениме 13 жыл болду. Чоң атам аскер кызматкери болчу. Бала кезимде чоң атамдын аскер формасын кийип, аскер адамы болом деп ниеттенчүмүн. Мен үчүн форма кийүү сыймык эле. Ошол кийимдер азыркы кызматыма келишиме түрткү болгон. Иштегениме 13 жыл болсо, анын 8 жылын ыкчам издөө кызматында тескөөчү болуп иштегем. Жүргүнчүлөрдү унаа менен сүзүп, качып кеткен кылмышкерлерди, унаада жоголгон буюм-тайымдарды издечүбүз. Учурда ЖКККБда жол кыймылын уюштуруу боюнча инженердик тескөөчү катары жол тейлөө ишканалары менен иштешип келем.

Мен иштеген бөлүм (ЖКККБ) эң оор кызматтардын бири. Бир жылда адам сүзүп, из жашырган кылмыштардын саны 30-40ка чейин жетет. Алардын экөөнүн же үчөөнүн бети ачылбай калышы мүмкүн. Калган бардык кылмыштардын бети ачылат. Ар кандай кыйынчылыктарга кабылып, кылмышкерлерди жылдап издеген учурлар болот. Артыңдан “таппайсыңарбы?” деп түшүп алган арыздануучулар болот», - дейт жол тескөөчү.

Сталбек мырзанын айтымында, бир кылмыштын бетин ачуу үчүн ал айлап үй-бүлөсүн көрбөй калган.

«Биздин кызматта билим жетиштүү эмес, адамдын шыгы дагы болуш керек. Алгач адамды сүзүп кеткен унаанын үлгүсүн, каякта экенин аныктап, андан кийин издеп баштайбыз. Оштон бирөө унаасы менен адамды сүзүп өлтүрүп, анан изин жашырып кеткен. Бизге ал унаа Бишкекте жүрөт, сатылышы мүмкүн деген маалымат келип түшкөн. Бишкекке барсам унаа Ысык-Көлдүн тургунуна сатылыптыр. Ысык-Көлгө барсак: “Мен кара-балталык кишиге саткам” деди. Кара-Балтага барсак, унааны сатып алган киши Ноокаттын тургунуна, ноокаттык киши Жалал-Абаддын тургунуна, ал кайра Оштун тургунуна сатканын айткан. Ошентип 1 ай издеген унаа кайра эле өзүбүз иштеген Оштон табылып жатпайбы. Териштирип жатып, кылмышкерди таап, тергөөчүгө өткөрүп бергенбиз. Мындай окуялар көп катталат», - деди Сталбек Макамбаев.

Ал кылмыштын бетин ачуу үчүн ар бир жаран кайдыгер болбошу керектигин белгиледи. Себеби унаа сүзүп кеткен адам ар бир адамдын жакыны болуп калышы мүмкүн.

«Кылмыш катталган жерде далил катары эч нерсе таппай калган учурда кыйынчылык жаралат. Андай учурда колу-бутуң байлангандай болуп каласың. Тергөөнү эмнеден баштарыңды билбей, далил буюмуң жок, унааны издеп баштайсың. Жок дегенде унаанын бир сыныгы же бир буюму түшүп калса оңой болот. Күбөлөр да кээде кайдыгер мамиле жасашат. Көргөн окуясын "көргөн жокмун" деп танышат. Жөнөкөй жарандар бизге көмөк көрсөтсө чоң жардам болот.

Ушуга окшогон Өзгөн районунда бир окуя катталган. Бир окуучу баланы унаа сүзүп кетип, аны бир айдоочу алысыраак жерден көрүп калган. Бирок ал токтоп, балага жардам бербестен, жолун улап кетип калган. Үйүнө барса аялы уулу мектептен келбей жатканын айткан. Бала "кандай кийимчен эле" деп сураса, аялы унаа сүзүп кеткен баланын кийимдерин сүрөттөп берген. Жол кырсыгын көргөн айдоочу кайра окуя болгон жерге барса, унаа сүзүп, каза болгон окуучу анын уулу болуп чыккан. Ошол учурда “мен унаа сүзүп кеткенин көргөм. Эгерде ал балам экенин билгенде токтомокмун” деп айтып жатпайбы», - дейт Сталбек мырза.

Анын жубайы тамашалап: «Сенин жумушуңду мурдараак билгенде сага турмушка чыкмак эмесмин» деп калат.

«Менин 3 кыз, 1 уулум бар. Өзүм 3 бир тууганмын. Бир агам күтүлбөгөн кырсыктан улам каза болуп калган. Дем алыш күндөрү дыйканчылык менен алектенем. Бадыраң, помидор, жашылча-жемиштерди өстүрөбүз. Кээде айлап үй-бүлөмдү, балдарымды көрбөй калам. Жубайым менен жаңы турмуш куруп, 3-4 ай жашагандан кийин, анын капаланып жүргөнүн байкагам. "Эмне болду?" деп сурасам, айтпайт. Акыры чыдабай "эгерде сенин мындай экениңди билгенде, сага турмушка чыкпайт болчумун" деди. Каткырып, күлүп эле калдым.

Колуктум азыр жумушумду түшүнүп калды. Үй-бүлөңдө баары тынч болсо, жумушуң да илгерилейт экен. Ата-энем мал чарбачылык менен алектенишет. Бирок уулумдун менин жолумду жолдошуна каршымын. Себеби мен көргөн түйшүктү, кыйынчылыктарды көрүшүн каалабайм», - дейт Сталбек Макамбаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×