Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-июнь
Чүй облусуСокулук району 19.05.2019 18:00 На русском

Үйгө ээлик кылуу үчүн өз баласын мүрзөдөн каздырган эне: Тергөөчү Айнураны таң калтырган окуя

Айнура Мамбетсакова
Айнура Мамбетсакова
// Turmush

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматынын тергөөчүсү, милициянын майору Айнура Мамбетсакова бала кезинен бул кесипти жактырып, ата-энесинин каршылыгына карабай, ИИМдин Академиясында билим алган. Ал бул кызматта иштегенине 10 жылдын жүзү болду. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Айнура Мамбетсакова сөзүнүн башында бир окуяны айтып берди.

«Кызматымдагы бул окуяны түбөлүк унуткус болдум. Ошону айтып берейин. Мен тергөө кызматына жаңы келип иштеп баштаганда, нөмөөт бөлүмүнө 55 жаштагы киши мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгы жөнүндө кабар келди. Анын бардык документтерин даярдап, денесин өлүкканага өткөрдүк. Медициналык экспертизанын жыйынтыгында ал киши жүрөк оорусунан каза болгону аныкталды. Бирок арадан убакыт өткөн соң, бул кишинин апасы прокуратурага менин үстүмдөн арыз жазды. Анда ал баласы эч убакта жүрөк оорусу менен оорубагандыгын жана тергөөчү (мен) анын өлгөндүгү боюнча документти бурмалап салгандыгын айтыптыр. Кийин баарын текшердик. Көрсө, мунун баары турак жайга ээлик кылуу үчүн жасалыптыр. Ал аял өзүнүн келинин күнөөлөп, баласы жүрөк оорусунан эмес, келиндин колунан өлдү деп арызданды. Келинине коюлган бул айыптоону далилдөө үчүн сөөктү кайра казып чыгууга туура келди. Анан кайрадан экспертиза жүргүзүлдү. Мени таң калтырганы, турак үй үчүн ал аял баласын мүрөзөдөн чыгарып жатканыбызды 2 саат бою карап отурду. Мен өмүрүмдө мындай окуяны көргөн эмесмин. Ошентип экинчи экспертизанын жыйынтыгында да баласы жүрөк оорусунан каза болгону аныкталган», - деди ал.

Айнура Мамбетсакова 1984-жылы Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Төрт-Күл айылында төрөлгөн.

«2001-жылы Бишкек шаарындагы орто мектепти аяктап, милициянын генерал-майору Э.Алиев атындагы ИИМдин Академиясына барып, аны 2006-жылы артыкчылык диплом менен аяктагам. 2008-жылы Чүй ОИИБде тергөөчү болуп ишке орноштум. 2009-жылы Сокулук РИИБдин тергөө кызматына тергөөчү болуп которулгам. 2009-2012-жылдары ИИМдин Академиясынын адъюнктурасын бүтүрдүм.

Үй-бүлөдө жалгыз кызмын. Эки байкем бар. Өзүм үй-бүлөлүүмүн, 4 баланын апасымын. Жолдошум дагы милиция кызматкери», - деди ал.

Айнура Мамбетсакова: «Тергөө иши жагат. Мында ар кандай адамдардын ар кандай тагдырына күбө болосуң. Бул кесипте жетишкен ийгиликтерим үчүн апама ыраазычылык билдирем. Ансыз мунун баары болмок эмес. Ошондой эле жолдошума ыраазымын. Ал мени ар дайым колдоп турат. Кызматыма түшүнүү менен мамиле кылат. Бардык эле күйөөлөр милициядагы аялды түшүнө бербейт. Анткени таң эрте жумушка жөнөп, түн бир оокумда үйгө келесиң. Биздин кызмат ушундай», - деди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×