Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-июнь
Баткен облусуБаткен району 17.05.2019 13:02 На русском

Курбулары суктанып ооруп калган күйөө, таң калган айылдаштар: Шайыргүл айымдын элеттеги турмушу (сүрөт)

Turmush -  Баткен районунун Кара-Булак айылындагы Аликанова Шайыргүл айым бузук «Жигулини» түртүп айдап, кошуналарын да сууга алып барып, айылдаштарын таң калтырган. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Баткен районунун Кара-Бак айылынын кызы. Кийин Кара-Булакка келин болуп келген.

«Күйөөмдүн эжеси бизге кошуна болчу. Анан эжесинин үйүнө барганда мени көрүп жүрүп, жактырып калган экен. Үйүндөгүлөрдү жиберип, экөөбүз таанышып, 1 айча кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрдүк. 20 жашымда Кара-Булак айылына келин болуп келдим. Ал убакта мен студент элем. Баткен мамлекеттик университетинде окуп жаткам. Турмуш кургандан кийин да окууга каттап жүрдүм.

Бир күнү жолдошумду дагы окууга алып барып, курбу кыздар менен тааныштырдым. Үйгө келгенден кийин күйөөм ооруп калды. Башы ооруп, 2 күн тура албай жаткан. Күйөөм сулуу, келишкен жигит болгондуктан курбуларым суктанышкан. Көрсө кирене кирген окшойт. Анан молдолорго окутуп жатып, араң айыктырганбыз (күлүп)», - деди ал.

Жаш кезинен унаа айдаган жеңе бузук «Жугилини» айдап, айылдаштарын таң калтырган.

«Биздин айылда таза суу көйгөйү бар эле. Сууну айылдын башынан ташып ичебиз. Эртең менен кетсең, үйгө түштө келесиң. Анан үйдөгү жумушуң жасалбай калат. Ошол убакта биздин үйдүн жанында бузук «Жигули» тура берчү. Анын «стартери» бузук, «глушители» да тешилген экен. Аны бир жолу түртүп жүргүзүп, айылдын башына суу алып келгени кеткем. Кайын журтум таң калышыптыр. «Жугили» дарылдап, түртүп жатып жүргөндүктөн айылдаштарыбыз таң калып карашчу. Анда мени айылда эч ким таанычу эмес. Кийин сууга барганда кошуналарды дагы алып алчу болдум. Кайын энем да көнүп калды. Түртүп жүргүзүп алып, кайын энем кэөөбүз айылды кыдырчубуз. Анан элдин баары көнүп калышты. Азыр балдарымды салып алып айдайм», - деди ал.

Шайыргүл айым 2 уулдун апасы.

«Күйөөм Рустам Көкчөев менден 5 жашка улуу. Экөөбүз бактылуубуз. Азыр 2 балабыз бар. Тоюбузду оператор балага тарттырган элек. Ал үйрөнчүк бала экен. Ал болсо камерага тартып жатам деп ойлоп эле жүрө бериптир. Бирок тартылбай калыптыр. Ошентип той бүткөндө караса эч нерсе тартылган эмес. Азыр телефонго тартылган сүрөт, видеолор эле калган. Тоюбуз ушундай өткөн (күлүп)», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×