Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-октябрь
Нарын облусу, Нарын 13.05.2019 16:50 На русском

Нарын шаарында 16 жаштагы Айдана Асанбекова сулуулук таажысын тагынды

Turmush -  Нарын шаарында «Нарын сулуусу-2019» сынагы болуп өттү. Ага аймактык кабарчы да күбө болгон.

Сынакка Нарын шаарынын 14 жаштан 22 жашка чейинки сулуу кыздары катышты. Сынактын максаты — кыздардын жалпы интеллектуалдык жана маданий деңгээлин жогорулатуу, таланттуу жаш кыздарды табуу жана алардын жөндөм-шыктарын өстүрүү.

Сынак 5 этап менен өтүп, сулуулар төмөндөгү тапшырмаларды аткарышты:

- «Саламдашуу» — катышуучулар өзүн-өзү тааныштыруу;
- «Акыл Карачач» — билимин, интеллектуалдык потенциалын баалоо үчүн уюштуруу тобу тарабынан даярдалган суроолорго жооп берүү;
- «Таланттуу пери » — ар бир катышуучу өз өнөрлөрүн тартуулоо;
- «Кечки стиль» — катышуучулар көйнөк менен чыгышып, жарашыктуу кийимин жана өзүнүн сахнада эркин алып жүрүшүн көрсөтүү.

Аталган сынактын уюштуруучусу Жаңыл Каныбекова өзү дагы бир катар сулуулар сынагына катышып келген. Анын айтымында, катышуучулар атайын кичи сынак менен тандалып, финалдык сынакка катышуу бекер уюштурулган.

«Өзүм буга чейин “БГУнун сулуусу” жана “Кыргызстандагы университеттер сулуу-2018” сынактарына катышкам. Бирок мындай ишти алгачкы жолу өзүмдүн жеримде уюштурдум. Ал эми катышуучулар жөнүндө айтсам, алгач кичи сынактан тандалып, 12 кыз финалга өтүшкөн. Бардыгы өздөрүнүн аракеттерине жараша болду. Анткени бул сынакта жалаң эле сулууларга эмес, акылдуу, шыктууларга дагы басым жасалды. Бардыгы жооп бере албаса дагы айрымдары суроолорго так, туура жооп берип, жакшы бааларды алып жатышты. Калыстар тобу абдан так баа коюшту. Жеңүүчүлөр дагы татыктуу тандалды деп ойлойм. Алгачкы жолу жана жалгыз уюштуруп жаткандыктан бир туугандарым жана “Шумдук ТВ продакшн” студиясы колдоо көрсөтүштү. Сынакка катышуу баарына акысыз болду», - деди ал.

Сынактын жыйынтыгында «Нарын сулуусу-2019» наамын 16 жаштагы Айдана Асанбекова жеңип, Ташкентке 3 күндүк эс алууга жолдомо алды. Ал эми кийинки орунду Айзада Марсбек кызы алып, ага Казакстанга 3 күндүк эс алууга жолдомо тапшырылды.

12 катышуучунун ар бирине дипломдор жана наамдар тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×