Бөлүмдөр
Жума, 20-сентябрь
Чүй облусуКемин району 07.05.2019 09:13 На русском

Кара-Булак айыл өкмөтүнүн жаңы башчысы Айбек Мамбетказиевдин өмүр баяны

Turmush -  Айбек Мамбетказиев Чүй облусунун Кемин районунун Кара-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.

Өмүр баяны:

Мамбетказиев Айбек Канатович 1984-жылы Казакстан Республикасында төрөлгөн. Улуту кыргыз, Кыргызстандын жараны. Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы.

Аскердик наамы — запастагы кичи лейтенант.

Билими:

- 2006-2011-жылдары К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинен мал доктур кесибин алып чыккан;

- 2011-2014-жылдары Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясында билим алган.

Эмгек жолу:

Мамлекеттик кызматтарда жалпы 7 жыл 6 ай иштеген. 2011-жылдан 2016-жылга чейин Кемин райондук балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинде машыктыруучу, директордун орун басары кызматтарында иштеген. 2016-жылдан тартып аталган мектептин директору болуп эмгектенген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×