Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Ош облусуАлай району 04.05.2019 11:32 На русском

Орундалбай келе жаткан кыял: 100 жаштагы Суранбай ата өзү согушка кирген Саратов шаарын кайрадан көргүсү келет. Видео

Turmush -  Алай районуна караштуу Жошолу айылынын 100 жаштагы тургуну Алиев Суранбай ата согуштагы күндөрүн азыр да унута элек. Аймактык кабарчы аксакалдан кабар алды.

Суранбай ата кан майданга 19 жашында жөнөп кеткен.

«Мен өзүм 8 кыздан кийин төрөлгөн экенмин. Апам байкуш бул да кыз болот деп адырдан ылдый томолонуп, боюнан түшүрөм деп аракет кылчу экен. Ошондо эле кудай мага узак өмүр берип койгон экен. 1941-жылы 19 жашымда согуш талаасына бардым. Айылдагы согушка жарай турган эркектерди топтоп, Алай районунан 350дөн ашуун адамды согушка чакырган. Алардын арасында мен да бар элем. Анда мен 19 жашта болсом да 4-класста окуйт элем. Ал учурда мектепте билим алуу деген ушундай болгон. Техника деген айылда жокко эсе. Алайдан 350дөн ашуун адамды Ошко чейин жөө алып барышкан. Айылда кары-картаңдардан, кыз-келин, жаш балдардан башка эч ким калган эмес. Бирөө ыйлап баласын узатса, бирөө жолдошу, башкасы атасы менен коштошкон. Ал күндөр бүгүнкү күндөй көз алдымда, күз мезгили болчу. Жаштыгымдын эң жакшы убагында майданда кан кечип, ок тийип, майып болуп калдым. Ал күндөрдү көрүүнү душманыма да каалабайм», - деди ал.

Согушка чакырылган адамдардын көптүгүнөн поезддер күнү-түнү каттап, 20 күн дегенде Россиянын Саратов деген жерине жетишкен.

«Оштон автобус менен Ташкентке барып, ал жерден Россияны көздөй поезд менен жөнөп кеттик. 20 күн дегенде араң Саратов деген шаарга жетип бардык. Анан ошол жерден бизди 20 күн машыктырып, курал атканды үйрөтүштү. Саратов, Чапаев деген шаарларында болгон согуштарга катыштым. Согуш болсо да тартип, буйрук болуп жатты. Ат дегенде атасың, жат дегенде жатып буйрукту гана аткарып жүрдүк. Тамак-аш унаа менен же ат арабалар менен кошо жүрчү. Мен өмүрүмдө спирттик ичимдик ичип көргөн жан эмесмин. Согушта суук болгондо аскерлерге арак берчү. Мен ошондо да ичкен жокмун. 100 жашка чыкканымдын сырынын бири ушул. Анан азыркыга чейин кыймылдап, короодогу чөптөрдү оруп, мал-жандыктарды каралашып турам», - деди ал.

Аксакал снаряддар жарылып, асмандан октор жамгырдай жааганда туулган жерин, ата-энесин көз алдынан өткөргөндөрүнө токтолду.

«Согушта кырчындай өмүрлөр кыйылды. Ок жамгырдай жаап, жер көккө сапырылып жатты. Канчасы качып жашынып калып жатты. Окко учканы окко учту, каза болушту. Жарадар болуп калгандарды коопсуз жайларга алып келип жаттык. Дарыгерлер аларга медициналык жардамдарды көргөзүп жатышты. Өлүм деген ушул экен деп, ата-эне, бир туугандарым, туулган жерим көз алдымдан бир өттү. Кыш мезгилинде окопто кар астында калып, тоңуп өлгөн аскерлер да болду», - деди ал.

Суранбай ата мындан тышкары орундалбай келе жаткан кыялын айтып берди.

«Согуштан 1942-жылы жаз айларында кайттым. Себеби Саратовто болгон атышууда оң колумдан, сол бутумдан жаракат алып, согушка жарабай калдым. Колум бүгүлүп, жазылбай калды. Анан ошол жерден «бирөөсүн жашаган жериңе барып каттатасың, бирөөсүн аскер комиссариатына бересиң» деп колума 2 кагаз беришти. Мекениме кайтып келгенимде айылда да ачарчылык, жокчулук эле. Адамдар нан эмне экенин билбей атала ичип, ачкачылыктан өлүп кеткендер да болгон. «Советтер союзу жеңди» деген кабарды айылдан угуп, көзүмө жаш келген. 1946-жылы үйлөндүм. 4 уул, 4 кыздуу болдум. Учурда 100 ашык небере-чөбөрөлөрүм бар. Эң улуу балам 70ке чыкты. Баарын жогорку билимдүү кылдым.

Азыр заман жакшы, баары жетиштүү. Ушул күнгө чейин бийлик адамдары келип, кабар алып, ар майрамда белек-бечкектерин таштап кетишет. Бирок орундалбай келе жаткан тилегим бар. Мен Саратов шаарын бир көрүп келсем арманым жок эле. Согуштан кийин кантип ал шаардын кандай болуп калганын көргүм келет», - деди Суранбай ата.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×