Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Ош облусуКара-Суу району 02.05.2019 16:04 На русском

Матраимовдор уюштурган спорттук мелдештин жеңүүчүлөрү канча сом менен сыйланды?

Turmush -  Кара-Суу районунун Жоош айыл өкмөтүнө караштуу Большевик айылында өткөн волейбол жана кичи футбол боюнча мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталды, деп билдирди аймактык кабарчы.

Спорттук иш-чара 1-май — Эмгек күнүнө жана жана 9-май — Жеңиш күнүнө карата уюштурулган. Мелдешке Кара-Суу районундагы 16 айыл өкмөттүн жана Кара-Суу шаарынын атынан 1 команда катышкан.

Волейбол боюнча мелдештин жеңүүчүлөрү:

- 1-орун — Отуз-Адыр айыл өкмөтү, 150 миң сом менен сыйланды:

- 2-орун — Сары-Колот айыл өкмөтү, 100 миң сом менен сыйланды;

- 3-орун — Кызыл-Суу айыл өкмөтү, 60 миң сом менен сыйланды;

- 4-орун — Папан айыл өкмөтү, 40 миң сом менен сыйланды.

Кичи футбол боюнча мелдештин жеңүүчүлөрү:

- 1-орун — Жоош айыл өкмөтү, 130 миң сом менен сыйланды;

- 2-орун — Агартуу айылы, 80 миң сом менен сыйланды;

- 3-орун — Сарай айыл өкмөтү, 60 миң сом менен сыйланды;

- 4-орун — Шарк айыл өкмөтү, 30 миң сом менен сыйланды.

Волейбол боюнча Кыргызстандын «EREM» командасы Өзбекстандын Андижан облусунан келген команда менен беттешип, жыйынтыгында жеңишке ээ болду жана 100 миң сом менен сыйланды.

Ошондой эле Кыргызстандын «EREM» футбол командасы менен Кара-Суу курама командасы беттешкен. Оюндун жыйынтыгында «EREM» жеңишке ээ болуп, 100 миң сом менен сыйланган.

Андан тышкары «Мыкты оюнчу», «Мыкты сүрөөчү», «Мыкты чабуулчу», «Мыкты коргоочу» наамдары боюнча 5 миң сомдон 10 миң сомго чейин атайын сыйлыктар каралган.

Буга чейин Turmush басылмасы аталган мелдештин байгесине «Исмаил ата» фондунан 1 млн сом коюлганын жазган. Аталган фондду ЖКнын депутаты Искендер Матраимов негиздеген.

Ошондой эле иш-чарага Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары, саясатчылар жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жана мамлекеттик мекемелердин жетекчилери күбө болушкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×